“Айдоочуларды даярдоо борбору” менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу кармалып, бир айга камакка алынганы белгилүү болду.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан “Азаттыкка” билдиришкендей, анын бөгөт чарасы 30-январда каралган.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Тагайбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) кылмыш ишин козгогон.
Бишкек шаардык милициясы Тагайбек уулунун социалдык тармактардагы жана интернет сайттардагы билдирүүлөрү бийлик органдарын дискредитациялоого жана коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталганы аныкталганын билдирди.
Президенттин Иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганын айткан.
Жеке менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тарта иш токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону себеп болгонун айтып чыгышкан.
Алар 27-январда мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп жетекчилеринин катарында Медербек Тагайбек уулу мекеменин кызматкерлерине нааразылыгын билдирип, маалымат каражаттарына маек берген.
Бул маселени Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин 28-январдагы жыйынында көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун беришкен.
В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча жаңы окуу программасы бекитилген. Эми В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. ВС категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.
Кийин президент Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон.