Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусундагы райондук прокурордун орун басары С.К.О. пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди. Ал УКМКнын укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалганы белгиленди.
Маалыматка ылайык, шектүү мурда пробацияга жана айып пул санкцияларына кесилген адамдарга басым жасап, "каматам" деп коркутуп, алардан дайыма 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып келгени аныкталган. Прокурордун орун басары 1-февраль күнү 140 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка фактыларын, ошондой эле башка кызмат адамдарынын катышын аныктоого багытталган тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
УКМКнын укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү максатында милиция, прокуратура жана башка күч органдарынын кызматкерлерин коррупцияга жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерге шек санап кармаган учурлар буга чейин да болгон. Айрымдарын кызмат ордунан, жыйында көпчүлүк кесиптештеринин көзүнчө колуна кишен салып алып кеткен же пара алып жаткан жеринен кармаган.(ZKo)