Казакстанда экинчи атомдук электр станциясы кайсы аймакка курулары белгилүү болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов 26-январда Алматы облусунун Жамбыл районунда экинчи атомдук электр станциясын (АЭС) куруу жөнүндөгү токтомго кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары 2-февралда кабарлай баштады. Чечим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген.

Буга чейин өкмөт экинчи жана үчүнчү АЭСтерди куруу жери боюнча так чечим кабыл ала элек болчу.

Болжолдуу вариант катары Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкөн айылы жана Курчатов шаары каралып келген. Натыйжада Курчатов шаарында көмүр менен иштеген жылуулук электр станциясын (ЖЭС) куруу чечилип, атомдук электр станциясын Алматы облусуна жайгаштыруу белгиленди.

Казакстанда биринчи АЭС куруу планы 2019-жылы белгилүү болгон. 2024-жылы өлкөдө референдум өтүп, расмий жыйынтыктарга ылайык, добуш берүүгө катышкандардын 71% ашыгы АЭС курууну колдогон. Ошол эле учурда добуш берүүнүн жүрүшүндө бурмалоо болду деген айыптоолор менен коштолгон.

Андан бир жыл өткөндөн кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үч атомдук электр станциясын куруу зарылдыгын билдирген.

Казакстан биринчи АЭСти Алматы облусундагы Үлкөн айылында, Балхаш көлүнүн жээгинде курууну пландап жатат. 2025-жылдын июнь айында биринчи АЭСти куруу үчүн технология жеткирүүчү катары Орусиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы тандалганы маалым болгон.

Ал эми калган эки АЭСти куруу ишин Кытайдын China National Nuclear Corporation (CNNC) компаниясы жүргүзөт.

Байкоочулардын баамында, экинчи жана үчүнчү атомдук станциялардын курулушу тезирээк аяктап, алардын жалпы наркы "Росатом" куруп жаткан станцияга салыштырмалуу төмөн болушу мүмкүн.

Бийликтин маалыматына ылайык, "Росатомдун" долбоорун ишке ашырууга болжол менен 14–15 миллиард доллар сарпталат.

Ошол эле учурда көптөгөн экологдор Казакстанда АЭС курууга каршы чыгып, ал жакын жайгашкан суу объектилерине терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин айтып келишет.

Дагы караңыз

Бишкекте жол кире төлөбөгөн 300дөн ашуун киши айыпка жыгылдыЖапаров маркум Чубак Жалиловго "КРнын баатыры" наамын берүүнү карап чыгууну тапшырдыКиев жапырт аба чабуулуна кабылды, Харьковдо энергетикалык объектилер бутага алынды