- Эдил мырза, саламатсызбы? Мына, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарында Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышты. Жумушчу сапарын алкагында башка өлкөлөрдүн бир катары кызмат адамдары менен да жолукту. Бул саммиттин максаты эмне жана жолугушуулар кандай өттү?
- Бул сапар уланып жатат. Адылбек Касымалиев саммиттин экинчи күнү дагы өтө интенсивдүү жолугушууларды өткөрүүдө. Мындай форматтагы саммиттерде негизинен байланыш, жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, бейформал түрдө өтөт. Бир канча мамлекет башчылары менен дагы пикир алышты. Делегациянын мүчөлөрү биз дагы бир канча сессияларга катышуудабыз. Мисалы, жарым сааттан кийин мен “Жаңы Жибек жолу” деген форумда биздеги транспорттук байланыштар боюнча, албетте өзгөчө биздин жаңы трансконтиненталдык темир жол жөнүндө 10 мүнөттүк презентация жасайм.
- Экономикалык маселелер боюнча аталган иш-чарада өкмөт экономикага байланыштуу өзүнүн планын жарыялаганы айтылды. “Ак илбирс экономикасы” деген программада күчтүү институттар жана дебюрократташтырууга өзгөчө көңүл бурулары белгилүү болуптур. Анан дал ушул программада эмне өзгөчөлүк болуп жатат?
- Албетте, өткөн беш жылдын ичинде чоң тарыхый ийгиликтер азыркы күндө дүйнөлүк коомчулук тарабынан кызыгуу жаратууда. Анткени мына, 2022-жылы 9%, 2023-жылы 9%, 2024-жылы 11,5%, 2025-жылы 11% өсүү деп жатабыз. Албетте, азыркы учурда төрт жыл бою ушундай темп менен өнүгүп жаткан мамлекет жок. Биз “эң алдыңкы бешке киребиз, эң алдыңкы үчкө киребиз” деп айтып келебиз. Чынында эле экономиканын өсүү темпи боюнча учурда алдыңкы көрсөткүчтү көргөзүүдөбүз. Албетте, экономикабыз чакан болгону үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында дагы макалалар чыга элек. Ошол ийгиликтердин негизги себеби бул натыйжалуу башкаруу, абийирдүү, таза кол менен жетектеген мамлекет башчыбыз жана анын командасы. Коррупция менен уюшкан кылмыштуулук менен күрөштүн жыйынтыктары болду. Андан да сырткары, өкмөттүк саясаттын жыйынтыгы. Дубайда ошол боюнча биз айтып бердик. Анан кечээ мен дагы бир топ сессияларга катыштым. Келечектеги өнүгүү жолдордун арасынан бул адам капиталына инвестиция. Бизде жаштар, балдар көпчүлүктү түзөт. Билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы реформалар боюнча дагы кеп кылдык.
- Кыргызстанда бюрократияга каршы чаралар деген менен автомектептерди мамлекетке кайтаруу жана 10 айлык окуунун алкагында талкуу күчөп кетти. Айдоочулук көбөлүк берүүдөгү реформа саясий маселеге айланып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен аткаруу бийлигинин ортосундагы түшүнбөстүк алып келди да. Президенттин “депутаттар популизм менен алектенип жатат” деген сөзүнө депутат Кундузбек Сулайманов менен Жогорку Кеңештин спикери жооп берип, аткаруу бийлигин парламентке сый мамиле кылууга чакырды. Бул бир эле айдоочулук күбөлүк берүүдөгү маселеге байланыштуу кайым айтышуу же эки бийлик бутагынын ортосундагы ажырым деп бааласак болобу?
- Жок. Албетте, биздин мамлекетте демократия. Биздин мамлекетте ачык коом бар. Кыргыздын өзүбүздүн баалуулуктарыбыз бар, дөөлөттөрүбүз бар. Ошолордун арасында, албетте, сөз эркиндиги, анан эле ошол демократияда муну кайым айтышуу деген болбойт. Бул нормалдуу көрүнүш. Ушуну менен биз сыймыктанабыз. Ушуну менен биз четке чыкканда да мактанабыз. Бизде демократия. Менин өзүмдүн жеке түшүнгөнүм менен бөлүшөйүн. Президентибиз үчүн бул өтө жеке маселе. Өзү деле айтпадыбы, бул кишинин үй-бүлөсүндө чоң жоготуулар болгон. Ошондуктан мен мекендештерге, Жогорку Кеңеш депутаттарына түшүнүү менен кабыл алгыла деп кайрылат элем. Келиңиздер, бизде убакыт бар, анын бардыгын оңдоп койгонго болот. Азыркы учурда 10 айлык деп айткандары, бул албетте ал бир канча саат окутуулар жүрөт. Анан кийин кээ бир балдар тез арада өздөштүрүп алса, аларды эч кыйнабайт. Кеп дагы жанагы дагы бир полигондорду куралы деп жатпайбызбы. Жай мезгилинде дагы тайгак жолдорду имитация кылган полигондор болот да. Ошол полигондор курулгандан кийин сөзсүз түрдө бир кайра каралып чыгат.
- Президенттин айрым депутаттар популизм менен алектенип жатат деген сөзүнө каршы парламенттеги айрым депутаттардын пикири коомчулукта реакция жаратып жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо керек. Анткени депутаттар акыркы жылдары президентке эле эмес, өкмөт башчыга дагы мынчалык катуу сын айтпаса керек.
- Айтып эле жүрүшөт. Менин оюмча муну "бөйрөктөн шыйрак" чыгарып, өтө эле чектен чыккан көрүнүш катары кабыл албоого чакырат элем. Жогорку Кеңеш - бул аянтча. Ар кандай сындар да айтылат. Эл шайлаган депутаттарыбыз бар, эски депутаттарыбыз бар, жаңы, жаш депутаттарыбыз да кээ бир учурларда эмоцияга алдырып жатышат. Ар кандай көрүнүштөр болот. Дагы бир жолу кайталайм, бул нормалдуу көрүнүш. Биздин мамлекетте демократия, жалпы эл шайлаган президентибиз бар. Округдардан суурулуп чыгып, шайланган элдик депутаттарыбыз бар, өкмөт ортодо түзүлөт. Бардыгыбыз сөз эркиндигине ээбиз. Бири-бирибизге кандайдыр бир сын айтканга татыктуубуз дагы, укуктуубуз.
- Саясий тема боюнча сүйлөшүп калдык. Сиз буга чейин курган маектериңизде президенттик шайлоо тууралуу да айтып, мамлекет башчы Садыр Жапаров кайра шайланып келерин, маселе болгону канча добуш алат деген суроодо турганын билдирдиңиз. Анан ушуга улай эле суроом, шайлоо качан өтүшү керек деген тема да талкууга түшүп жатпайбы. Шайлоону быйыл өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы? Юридикалык жактан жол-жобосу кандай болот деп ойлойсуз?
- Бул маселе чечилген, Жогорку Кеңеш тарабынан каралган. Конституциябызда кабыл алынып жатканда атайын өзүнчө конституциялык мыйзам референдумга коюлуп, көпчүлүк колдогон. Өткөн жылы Жогорку Кеңеш атайын мыйзам кабыл алып, датасы аныкталган. Бул 2027-жылдын январь айынын акыркы дем алыш күнү, 24-январда шайлоо өтөт. Бул Жогорку Кеңеш бекиткен конституциялык мыйзам. Ошол мөөнөттө буйруса президенттик шайлоолор өтөт. Албетте, биздин жарандар катышууга укуктуу. Ким катышат, кандай болот, мунун бардыгын убакыт көрсөтөт. Өздөрү да мүмкүнчүлүктөрүн таразалап көрүшөт. Бирок баса белгилеп айтарым, албетте, Садыр Жапаровдун командасында эч кандай күмөн жок. Президенттик шайлоого азыркы мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаров катышат, катышууга укуктуу дагы, жолу дагы ачык. Албетте, биздин басымдуу көпчүлүк элибиз Садыр Жапаровду кайра шайлаганга даярбыз. Ошондуктан Садыр Жапаров катышат.
- Шайлоодон кайра утуп келишине күмөн жок деп жатасыз. Бул бир кандайдыр бир изилдөөлөрбү же өзүңүздүн жеке пикирби? Изилдөөлөр барбы?
- Эми изилдөөлөр да бар, билесиздер. Америкалык изилдөөчүлөр жанагы IRI деген топтор 92% чейин добуш алат дешкен. Учурда балким, 85 пайзыга түшүп калса деле баары бир дүйнө жүзүндө бул өтө жакшы көрүнүш. Билесиздер, рейтинги өтө жогору болгон изилдөөлөрүбүз да бар. Изилдөөсүз деле бардыгыбыз билебиз, азыркы учурдагы коомдук пикир, элибиздин маанайы. Акыркы беш жылдын ичинде болгон ийгиликтер элге чоң үмүт жаратты. Албетте, Садыр Жапаровдун жасай турган, элибиз үчүн кыла турган кызматы дагы алдыда. Өткөн беш жылдын ичинде канча ийгилик болсо, эмки беш жылдын ичинде мындан 10 эсе көп ийгиликтерди жарата алат деген менин дагы, элибиздин дагы үмүтү бар. Президентибиз шайлоого барат жана шайланат.
- Жыйынтыктоочу суроо болсун. Эгер шайлоо боло турган болсо, азыркы бийликте турган Садыр Жапаровго атаандаш боло турган күч же талапкер деп сиз кимдерди айта алат элеңиз?
- "Таалайлуу менен талашпа" деген сөз бар го. Азыркы учурда каалайбызбы, каалабайбызбы Садыр Жапаров ак жолтой президент болду деп ойлойм. Мен муну өкмөт мүчөсү катары айткан жерим жок. Ушул 35 жылдык тарыхыбызда саясат талдоого, саясатка катышып жүргөн активист катары айтып жатам. Биздин мамлекет башчыбыз азыркы учурда басымдуу көпчүлүктүн ишенимине ээ. Албетте, бизде башка да жарандарыбыз, ошол эле саясатчылар, саясий жетекчилерибиз шайлоого катыша алышат. Бардыгын элдин добушу таразалайт. Ачык-айкын, таза, эркин шайлоону камсыздоо - биздин милдетибиз. Менде эч кандай күмөн жок, шайлоо жакшы өтөт. Кызыктуу да болуп калышы мүмкүн. Күтүүсүз талапкерлер чыгып калышы мүмкүн. Алардын баары конституциялык укуктарга ээ. Бирок мен дагы бир жолу баса белгилеп айтам, элибиздин каалоосу менен президент Садыр Жапаров дагы бир мөөнөт өзүнүн милдеттин аткарышы керек.