Тажикстан жарандарын Бельгия, Жапония, Кытай жана Түркия өлкөлөрүнө ишке жөнөтөт

Тажикстандык куруучулар Орусияда.

Тажик бийлиги миграциялык багыттарды кеңейтүү үчүн 15 мамлекет менен кырктай документке кол коюлганын билдирди.

Айрыкча миграция жаатындагы кызматташтык тууралуу документтер Бельгия, Кытай, Түркия жана Жапония менен түзүлдү.

3-февралда Тажикстандын Эмгек министрлиги Бельгиянын Ички иштер министрлиги жана иммиграция кызматы менен меморандумга кол коюлганын маалымдады.

Бул документ тажикстандык эмгек мигранттарына Бельгия, Нидерланд, Люксембург өлкөлөрүнө айыл чарба, курулуш, кары-картаңдарды кароо жана саламаттык сактоо тармактарында иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жакында эле Тажикстандын 500 жараны Катар мамлекетинде жумуш менен камсыз болду. Ал эми Түштүк Корея тажикстандыктарды ишке орноштуруу үчүн 800 квота сунуштаган.

Эмгек миграциясы миллиондогон тажикстандык үчүн маанилүү жана негизги киреше булагы болуп саналат. Акыркы эки жылда Орусия миграциялык саясатын катаалдаштырган шартта Дүйшөмбү жаңы багыттарды өздөштүрүүгө аракет кылууда.

Ошентсе да, күч түзүмдөрүнүн басымы, мыйзамдардын катаалдашы жана жапырт депортацияга карабастан Орусия азырынча тажикстандыктар жумуш издеп барган негизги өлкө бойдон калууда.

Дагы караңыз

Сержио Гор АКШнын виза тартибин катаалдатканына түшүндүрмө бердиАвтомектептер маселеси: Депутаттар президенттин популизм тууралуу сынына жооп беришти Кыргызстандык 16 жаран өкмөттүк программа аркылуу Түштүк Кореяга иштегени кетти