Донецк облусунун украин армиясы көзөмөлдөгөн Дружковка шаарында орус күчтөрүнүн аткылоосунан жети адам каза болду. Бул тууралуу 4-февраль күнү түштө Донецк облустук администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди.
Анын айтымында, шаар кассеталык ок-дарылар менен аткыланып, сокку базар аймагына тийген. Акыркы маалыматтарга ылайык, жети жергиликтүү тургун набыт болуп, дагы 15 адам жаракат алган.
Дружковка шаары Константиновка шаарынан түндүк-батыш тарапта, согуш талаасынан болжол менен 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Донецк облусундагы Киевдин көзөмөлүндө калган ири шаарлардын бири.
Филашкин ошондой эле орус аскерлери шаарга эки авиациялык бомба таштаганын билдирди. Анын кесепетинен өнөр жай аймагы, үч көп кабаттуу жана үч жеке турак үй жабыркаган. Орусиянын аскердик түзүмдөрү бул маалыматка азырынча комментарий бере элек.
Мындан тышкары, жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, шаршемби күнү Херсон облусундагы аткылоолордон дагы эки жайкын тургундун өмүрү кыйылган.
Дружковканын аткыланышы Украинадагы согушту токтотуу жана тынчтык келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү боюнча Абу-Даби шаарында Украина, Орусия жана АКШ өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталган күнгө туш келди.