Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан үйлөрдүн өздүк наркы менен сатуудагы баа айырмачылыгына байланыштуу маселе кайра көтөрүлдү. Депутат Нурланбек Азыгалиев МИК пайда табуу үчүн эмес, социалдык жактан жардамга муктаж жарандарды үйлүү кылуу үчүн түзүлгөнүн белгиледи.
МИКтин директорунун орун басары Нурлан Кудайкулов турак жайлардын курулушу бир чарчы метрине Бишкекте 59 миң 140, аймактарда 64 миң 800 сом деп эсептелгенин, сатылышы 900-1400 АКШ доллары өлчөмүндө экенин билдирди. Өздүк наркка курулуш иштериндеги чыгымдар гана кирерин, компанияда мындан тышкары кызматкерлердин айлык маянасы жана башка чыгымдары да бар экенин түшүндүрдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев бул чара МИК кийин да туруктуу иштеп, жарандарды үй менен камсыз кылуусу үчүн маанилүү экенин белгиледи.
“Мамлекеттик компаниянын эсептөөлөрү, сатууга чыгарган баалары дайыма көзөмөлдө. Буга чейин президентибиз айткандай, жеңилдик менен берилчү, социалдык жана коммерциялык багыттагы программалар иштейт. Коммерциялыктын эсебинен калган жеңилдик жана социалдык багыттын чыгымдарын толуктайбыз. Анткени алардын карызды төлөө мөөнөтү узун, пайыздык кошумдары дүйнөлүк эмес, өзүбүздүн Улуттук банктын пайыздык ченине да туура келбейт. Инфляциянын көрсөткүчү 9%, биз аларга 4% менен батир берип жатабыз”, - деди Амангелдиев.
Депутат Азыгалиев буга чейин түзүлгөн депутаттык топтун алкагында МИКтин ишмердигин текшерип чыгууну сунуштады.
Быйыл январда президент Садыр Жапаров МИК аркылуу сатылып жаткан батирлердин бааларына байланыштуу түшүндүрмө берип, муну бөлүп төлөө мөөнөтүнүн узактыгы жана андагы инфляциялык чыгымдардын көптүгүнө байланыштырган.
Мамлекет башчы жыл жаңыргандан кийин "Кабар" агенттигине курган маегинде 2026-жылы республика боюнча 20 021 батирди пайдаланууга берүү көздөлүп жатканын, былтыркы жылы Кыргызстанда 4662, 2024-жылы 1 197 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгонун айткан.
МИКтин сайтындагы маалыматка караганда жалпы 13 миң үй-бүлө батир алган, кезекте тургандардын саны 73 миңден ашкан.