Жаранды телефондон алдап, батирин саттырган үч киши кармалганын Бишкек милициясы кабарлады

Бишкек шаардык милициясы телефон аркылуу жарандардан акча чогултууга шектелип үч киши кармалганын билдирди. 22-декабрда Г.Ч. аттуу жаран кайрылып, өзүн атайын кызматтын жана банктын кызматкери катары таанышырып акча которууну талап кылгандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Алар жабырлануучуга WhatsApp аркылуу байланышка чыгып, психологиялык басым көрсөтүп, ар кандай каржылык операцияларды жүргүзүүгө аргасыз кылышкан.

“Натыйжада жаран өзүнө таандык батирин сатууга мажбур болуп, алардын көрсөтмөсү боюнча акча каражатын көрсөтүлгөн эсептерге которгон. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 22 миллион 130 миң сомду түзгөн”, - деп жазылган маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 2007-жылы туулган А.Ж., 1998-жылы туулган Б.С. жана 2002-жылы туулган Н.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда милиция кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо, кошумча маалыматтарды жана далилдерди чогултуу боюнча иш алып барууда.

Мындан мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) телефон шылуундарына көмөктөшкөн канал жабылганын кабарлаган. Бул кылмыш ишинин алкагында 16 жаштан 26 жашка чейинки жети адам кармалган.

Соңку учурда Кыргызстанда телефон шылуундарына алдангандар көбөйдү. Укук коргоо органдары жана Улуттук банк жарандарды телефон аркылуу байланышка чыккан күмөн санаткан учурлар болсо милицияга кайрылууга чакырып келет. Мындан тышкары жеке маалыматтарга сак болуу керектигин эскертет.

Дагы караңыз

Чүй милициясы эки автомектептин жетекчилери кармалганын билдирди№13 округдагы добушканаларга камера коюлушу боюнча кылмыш иши кыскарганы кабарландыБыйыл Орозо 19-февралда башталатӨзгөндө үч милиционер өспүрүм кызды "сексуалдык аракетке түрткөн" деген шек менен кармалды