"Азаттыктын" "Куугунтук курмандыктары" подкастында белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эмилбек Каптагаев.
- Эмил агай, саламатсызбы? Азыркы соцтармактардан Фейсбукту активдүү колдоносуз го дейм.
- Саламатсыңарбы. Ооба, активдүү десе да болот.
- Сурайын дегеним, Фейсбук сыяктуу соцтармактарды коомдук пикирдин эле эмес, коомдун абалынын барометри десек болобу?
- Коомдо кандай акыбал болсо, албетте, ал Фейсбукта чагылып турат. Барометр деп жатпайсыңбы. Туура, бул индикатор. Мектепте жанагы химиялык реакциялар жүргөндө кызарып, бозоруп кеткен лакмус кагаз бар эмес беле. Фейсбукта бир эле маселе ар кандай өңүттө талкууланат. Ошолордун ичинен кээ бир аянтчаларда коомдук пикирди аныктай алган, коомдук пикирге таасир эте ала турган, күрө тамырын кармап, жараяндарга көз салып, мындай бир анализ жүргүзүп жаткан инсандар болот да. Айталы, аттуу-баштуу коомдук ишмерлер, илимпоздор, жазуучулар, журналисттер дегендей. Мына ошол үстүңкү катмардан баштап, өз оокаты менен жүргөн кишилерге чейин, элдин баары азыр соцтармактарда. Баары окушат, талкуулашат. Жогоруда айткандай, ар ким өзүнүн деңгээли, өзүнүн аянтында талкуулайт. Ошолорго көз салып карап, коомдо процесстерге баа берүүгө, талдоого, кандайдыр бир тыянак чыгарганга мүмкүнчүлүк болот. Илгери социологиялык сурамжылоо деген бар эмес беле. Кандайдыр бир маселеге коомдун көз карашын аныкташчу. Азыр сурамжылоо жүргүзүп, атайын кишилерди бөлүп, кыдырып олтурбай эле Facebook, Instagram же башка соцтармактарды мониторинг кылып, коомдогу кайсы маселеге кандай пикир болуп жатканын көрүүгө мүмкүн. Ооба, Фейсбукта дагы бир жагы бар. “Фейк”, “троллдор” деп жатпайбызбы. Бул, кыргызча айтканда “жел кишилер”. Алар жабалактап эле жаза калып жатышпайбы. Булар реалдуу коомдук пикирди же ошол маселеге коомдогу реалдуу көз карашты билгизбейт. Ал өзүн жооткоткон же өзүн жалдаган кишини убактылуу жооткотуп, алдаганга гана керек да. “Мына, бул маселени элдин баары колдоп жатат” деп айтыш үчүн фейктер жасалма маанай түзүп, жазышат. Бул өзүн жооткотуу дебедикпи. Сен башында айткандай, коомдук пикирди билүү, анализ кылуучу инструмент катары социалдык тармактардын мааниси абдан эле чоң.
- Азыркы кыргыз коомун сиз кандай баалайт элеңиз? Сергек, бакубат коом деп айтылабызбы?
- Коом - татаал организм сыяктуу да. Анан коомдун туруктуу өнүгүшүнүн үч негизи бар. Биринчиси - мыйзамдуулук. Бардык адамдар мыйзам чегинде жашаш керек. Укуктук тартип болуш керек, укуктук маданият калыптанышы зарыл. Мамлекеттик бийлик мыйзам чегинде башкаруусу зарыл. Мыйзамдуулук толук сакталган жерде акыйкаттык да болот, калыстык да орнойт. Мыйзамдуулук кандай бузулат? Мына, 2005-жылдагы элдик толкун, ыңкылап деп айтабызбы. Андан кийин 2010-жылдагы, 2020-жылдагы окуялар. Ошонун баарынын бир эле себеби - мыйзамдуулуктун бузулушу.
Мыйзамдуулук эмнеден бузулууда? Мисалы, бийликтегилер “бүт баары мыйзам чегинде жашаш керек, мыйзамды бузбаш керек, мыйзамды бузгандарды жазалайбыз” дейт. Бирок өздөрү мыйзам сыртына чыгып алышат. Короонун сыртына чыгып алып, ичиндегилерди башкаргысы келет. Ал коомго жакпайт да. “Бизден талап кылганды өзүң да аткар” дейт. Ачык айтканы болот, ичинен нааразыланганы болуп, өз ара сүйлөшөт. Бийликтин мыйзам чегинен өзү чыгып кетиши, коомду, элди дагы мыйзам чегинен чыкканга алып келет. Коом мыйзам чегинде бийликке таасир эте албай калат. Шайлоодон дагы таасир эте албайт. Пикирин ачык билдире албайт. Алар дагы короонун сыртына чыгып алып, анан тигилер менен кармашышы керек да. Ошентип, жанагыдай тополоңдор болот. Бул мыйзамдуулук жагы.
Экинчиси - ачыктык! Бардык нерсе ачык болуп, ачык айтылып, ачык талкууланыш керек. Башкы маселелер, даярдалып жаткан чечимдер, мамлекеттин алдыдагы багыты, саясаты бүт ачык айтылып, талкууланып турса эч кандай маселе болбойт. Колдогону бар, колдобогону болот. Бирок талкуунун негизинде чечим кабыл алынды да. Ошондуктан негизинен макул болушат.
Үчүнчүсү - атаандаштык! Бизнесте эле эмес, саясатта, илимде, маданият тармагында, адабиятта, бардык чөйрөдө атаандаштык керек. Ошол атаандаштык ачык болушу шарт. Мына ушул атаандаштык, ачыктык, мыйзамдуулук коомдун туруктуу өнүгүүсүнө жана өзүң айткандай таза коомду, сергек коомду калыптандыруудагы негизги өзөк.
- Кепти ушундан баштаганым акыркы мезгилдерде соцтармактардагы көп талкуулар “тигини жазалаш керек”, “муну жазалаш керек” деген чакырыктарга толду.
- Адам баласы канча кылым жашап келе жатса ушундай психология, ушундай көз караш элдин калың катмарында дайым эле бар. Ар ким өзүнүн көргөнүнө, укканына, анан эң башкысы, өзүнүн ички дүйнөсүнө карап сыртка баа берет. Маселен, ички дүйнөсү кир адам элдин баарын ошондой ойлойт. Ууру болсо башкаларды дагы ошондой эле көрөт. Калың катмардагы жанагыдай психология ар дайым болуп келген. Саясатта деле ошондой катмарга таянып, алардын дуулдаган колдоосун алышат. Маселен, 1917-жылдагы Октябрь ыңкылабынан кийинки окуялардын баары эле ошондой болгон. “Жер дыйкандарга берилсин”, “фабрикалар жумушчуларга”, “байлар кулакка тартылып, оокат ортого алынсын” деген чакырыктар башында калың катмардын колдоосуна ээ болгон да. “Кулактарды аткыла, байларды аткыла, сүргүнгө айдагыла” деп, “эл душмандарын” табышкан. Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов баш болуп атылганда дагы ошондой калың топ муну колдоп турган эмеспи. Коомдун өнүгүшүндө бул боло берчү нерсе. Жогоруда айткандай, коомдун туруктуу өнүгүшүнө мыйзамдуулук негизги үч өзөктүн бири дебедикпи. Бул окуяларда большевиктер өздөрү мыйзамдан чыгып кетишти да. Мына, Жусуп Абдрахманов атылып жатканда ачык сот болгон эмес. Тройка деп коюп үч киши чогулуп туруп эле чечим чыгарып турган. Кыйноо, зордук-зомбулук менен ар кандай айыптарды моюнуна коюшкан. Кээ бирөөнү уксаң күлкүң келет. “Тээтиги Ат-Башыдан ары Кытайга чейин өтмөк казалы деген” деп, жөө жомокторду айтып, соттошкон. Бул мыйзамдан чыгып кеткендик да.
“Эгемендикке 35 жыл болду, бирок советтик аң-сезим менен калгандар көп”
- Кыргызстандын мамлекеттик катчысы XX кылымдагы чыгаан, жаратман кишилерди өрнөк кылып, “XXI кылымдын жаратмандарын чыгаралы” деп чакырык салууда. Бул азыркы коомго канчалык таасир этет деп ойлойсуз?
- Таасир этет десең дагы болот. Бирок жасалма түрдө бир нерсе жаратуу мүмкүн эмес. Бул ошол учурдагы доордун, замандын бир чакырыгы, талабы болуп калат окшойт да. Маселен, XX кылымда бардык тармакта кандай залкар адамдар чыкты. Бул ошо кездеги кырдаал жараткан кишилер эле. Ошол доордогу кырдаал улуу инсандарды жаратып жатат. Бул өтө терең маселе, “ушундан улам” же “мындай болгон үчүн” деп айта албайбыз. 1991-жылы эгемендик алдык, быйыл 35 жыл болуп жатат. Жөнөкөй эле болгон жок, абдан чоң, терең окуялар. 1917-жылдардан ары карай 35 жыл эсептесең, 1950-1960-жылдарга барып калат го. Мына ошол кездегидей көтөрүлүү, ошол кездегидей секирик болгон жок да. Дегеним, өзүбүздүн эгемендикти адабиятта болобу, кино искусствосунда, драматургияда дагы башка чөйрөдө талдап, чайнап, ошонун баалуулугун, баркын, кадырын көрсөтө ала тургандай нерсе жаралган жок.
Эмне үчүн андай болуп жатканын билбейбиз. Бирок ошол эле 1917-жылдагы Октябрь ыңкылабынан кийинки замандагыдай чоң өзгөрүүлөр болду. Кыргыздар эгемен мамлекет болуп, дүйнөгө таанылып жатабыз. Анан ортодо жол тандоо, жол издеп канча бийлик алмашты. Көп окуяларды баштан кечирдик. Мунун баары тең абдан чоң окуялар. Бирок ошол окуялар терең изилденип, кайра иштетилип чыккан жок. Мындай эле эч нерсе болбогондой эле болуп отурабыз да. 35 жылдан бери жаңы заманда жашап жатабыз. Замандын түрү өзгөрдү, ички мааниси, мазмуну өзгөрдү. Бирок көптөгөн адамдар совет доорундагы аң-сезим менен калып калган. Өзүлөрү ушул эле заманда жүрөт. Бирок сүйлөшө келсең, айткан-дегени, кайсыл бир маселеге ой жүгүртүүсү, бирдемени негиздегени, бүт эле ошол Советтер Союзунун көз карашы менен. Мамлекеттик катчынын улуттук интеллигенция, чыгармачыл күчтөрдүн бир форумун өткөрүп, ушуну талкуулайбыз дегени абдан туура багыт, негизи керек.
1980-1990-жылдар: “Ашар” кыймылы жана саясий күрөш
Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) акциясы. Бишкек, 1991-жыл.
- Сиз айтып жатпайсызбы, айрым кишилердин аң-сезими өткөн доордо эле калып калгандай деп. Кырдаал кишилерди жаратат экен, муундарды ойготот деп атабыз. 1980-1990-жылдары улуттук рухтун ойгонушу дейбизби, тилге күйгөн, жаңычыл, өзгөрүүлөрдү каалаган кыймылдар чыкты. Анын ичинде сиз дагы ошол кыймылдардын бири “Ашарды” негиздегендердин бирисиз. Ошол кыймылдарга эмне түрткү болду эле, кандай кырдаал түзүлдү эле?
- 1980-жылы “коммунизм курулуп бүтөт” деген программалар кабыл алынган. Анан 1980-жыл да келди, коммунизмдин карааны да жок. Андан кийин Брежнев чыга калып эле: "Жок, биз өнүккөн социализм доорунда жашап жатабыз. Кийинки кадамыбыз коммунизмге карай кетет" деп айтып калды. Анан ошол кезде эл арасында анегдоттор айтылып, “бирди ойлоп, кылганы башка болуп калды” деген күлкү жараткан кеп-сөздөр көп айтылчу. Жумушка берилип, совет доорунун баштапкы жылдарындагыдай чамынган киши азайды. Чала-була иштемиш болот. Колхоздо деле ошондой. Ошентип, коом кандайдыр бир сазга баткандай абалда туруп калды. Анан 1985-жылы Горбачёв чыкты. "Туура, биз сенектик абалда туруп калыптырбыз. Ошондон чыгышыбыз керек", "Ачыктык болуш керек, коом менен бийлик мамилелеринин баары кайра курулуп чыгыш керек (“перестройка”)" деп чыкты. Мына ушул түрткү болуп, журналисттер, окумуштуулар мурунку Брежневдин заманындагы каталыктарды айта баштады. Анан социализмди кантип жакшыртабыз, кантип коомду жогоруда сен айткандай бакубат кыла алабыз деген дискуссия бүт Советтер Союзунда кайнай баштады. Мына ошол шарт 1985-1986-жылдарга туш келди.
Ошол кезде мен 28де элем. Илимдер академиясынын жаш окумуштуулары дагы жараянга активдүү аралаштык. Анын үстүнө ошол убакта академияда салыштырмалуу эркиндик бар болчу. Прибалтика республикалары, Кавказда улуттук маселелер, тил, маданият, тарых маселелери көтөрүлүп жаткан. Бизде дагы дүрмөт болуп, оттук болуп тутанткан маселе тил болуп калды да. Анткени Чыңгыз Айтматов кайсы бир сөзүндө кыргыз мектептер Бишкекте жокко эсе экенин айтып калды. Анан ошол маселе айтылып калгандан кийин “Правда” гезитине Аалы Токомбаевдин макаласы чыкты. “Айтматов туура эмес айтып жатат. Бизде кыргыз мектеби жетиштүү” деп, бүт республика боюнча мектептердин статистикасын келтирген. Айтматов болсо ошол кездеги Фрунзедеги акыбалга көңүл бурган эле. Ошону менен мунун тегерегинде коомдук талкуу дүрт этти. “Комсомольская правда” басылмасынын кабарчысы Романюк деген дагы бул боюнча макала жазды. Анда “Айтматов өзүн улуттун руханий атасы катары көрсөткүсү келип жатат” дегендей сындады. Мунун артынан тарыхый мурас, маданиятка байланышкан маселелер көтөрүлө баштады.
1987-жылы академияда жаштардан топ түзүлүп калды. Мен, Райкан Төлөгөнов, Алмазбек Акматалиев, Кубан Исмаилов бар эле. Сырттан жаш журналисттер Мелис Эшимканов, Бермет Маликова кошулду. Ошону менен саясий маселеге өтүп кеттик. Анткени тил маселесинен баштасаң дагы, жер маселесинен баштасаң дагы баары саясат. Союздук республикалардын баарында талкуу жүрүп, өздөрүнүн жаңы программаларын сунуштап жатышты. Бизде Кыргызстанда үстү жак тыптынч. Асты болсо буркан-шаркан кайнап атат. Ошол маалда башкалаада эң оор маселе бул турак жай болчу. Кыргыз жаштары үчүн турак жай алуу аябай оор эле. Биринчиден, жумушка орношуу үчүн каттооң болушу керек эле. Каттооң, жумушуң болсо анан кезекке туруп, көп жыл күтүп батир алышчу. Айылдан келген жаштардын баары эле батирден батирге көчүп жашачу. Азыркыларга айтсаң жомок көрөт да. Тоокканадай болгон орустун кичинекей кепелеринде жашадык. Полу жок, шарты жок эле чакан жайларды ижарага беришчү. "Ашар" деп айтып калганыңдан ушунун баарын айтып жатам да.
Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) акциясы. Бишкек, 1991-жыл.
Ошентип, 1989-жылдын башында “жер басып алып, үй салабыз” деген жаштардын кыймылы башталып кетти. Ызы-чуу эле болуп калды. Эл казык кагып, айдоо жерди бөлүшүп баштады. Анан ошондо биз аралашып кеттик. Себеби мунун алдында Бакуда, Тбилисиде, Таллинде эл көтөрүлгөндө чагым болуп, бийлик күч колдонгон. Ошондой провокацияга жол бербейли деп, биз академиядагы жаштар аралашып, акыл-насаатыбызды айтып, таасир этели деген менен бардык. Ошол маалда биздин топ дагы Прибалтика республикаларындай Компартияга альтернатива катары Элдик фронт түзүү деген маселени талкуулап жүргөнбүз. Анан ошондо Райкан Төлөгөнов “Ушул үй салуу үчүн жер басып алып жаткан жаштардын кыймылы Элдик фронтко социалдык база болуп калышы мүмкүн” деп айтып калды. Анда ушул багытта иштейли, башын бириктирип, бир уюмга бириктирели дедик. Анан ошо менен аралашып кеттик да. “Ашар” коомдук уюм катары мамлекеттик каттоодон өткөн. Анын таржымалы дагы кызык. “Ашардын” ичинде менин өзүмдүн дагы тарыхым бар. Ал мезгилде мен Улуттук академиянын Комсомол комитетинин катчысы элем. Академияда 1200 комсомол бар, чоң уюм эле. Анан Ленин райондук кеңешинде депутат болчумун.
Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) акциясы. Бишкек, 1991-жыл.
Анан “Ашар” калыптана баштады, топбашчылар дайындалды. Жыпар Жекшеевдин азыркы Жибек Жолу көчөсүндө өнөрканасы бар эле, ошол жерге күндө кечинде чогулабыз. Күндө талкуу, күндө дискуссия. Аябай кызыктуу мезгил болуп жатат да. Анан ошол маалда кыргыз тилине мамлекеттик макам берүү жөнүндө да маселе көтөрүлүп кетти. Баары жабыла кол топтоого киришип кетти. Бул ишке Ракыя Жусупова деген кыргыздын мекенчил кызы башында турду. Жай айына барып өкмөт “макул, жаштарга жер берели” деп чечти. Жумагулов өкмөт башчы, Масалиев биринчи катчы эле. Азыркы Ак-Өргөдөгү жерлер. “Ашарды” уюштуруу маселесине келгенде биздин башыбызда турган бирөө болсо деп ойлодук. Жазуучулар союзуна барып, жазуучулардын арасынан сурандык. “Силер башына туруп бергиле, мына уюм түзүлүп жатат” десек, кичине четке чыгып коюшту. Анан Кино үйүнө барып, жети-сегиз бала Төлөмүш Океев менен жолуктук. Ал киши дагы көңүлсүнбөдү окшойт. Ал кезде “Ашар” деп атына токтоп, бирок уюм каттоодон өтө элек болчу.
- Ким сунуштады эле ошо аталышты?
-“Ашарды” мен сунуштагам. Жумагазылар бир аталыш сунуштап, анан мен ушундай аталышты сунуштап калгам. Уюмдун уставын биз академиядан жазганбыз. Ошентип уюмга баш-көз болуп бер деп Түгөлбай Сыдыкбековго баралы деп чечтик. Малик-Айдар Абакиров, Жыпар Жекшеев, Жумагазы Усупов төртөөбүз Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнө бардык. Алдын ала сүйлөшүлсө керек, азыр эсимде жок. Абакировдор бирөөлөр аркылуу сүйлөшсө керек эле. Ошентип ал киши “келсин” дептир. Барсак, жакшы кабыл алды. Палоо бастырып коюптур, кымызы бар экен. Анан баарын сурап, “эмне кылып жатасыңар, максатыңар кандай” деп, көпкө отурдук. Анан айттык, “Ушундай сизге атайын келдик, уюм болуп түзүлгөнүбүз даяр болуп калдык. Эми сиз ушу башына туруп бербейсизби” дедик. “Максатыңар жакшы экен, ушу жолдон кайтпагыла, таза болгула, ушул максатта кайтпай турсаңар көп иш бүтүрөсүңөр” деди. “Силерге батамды берейин, чуркап иштегенге менин жашым, саламаттыгым жол бербейт. Силер эч кимге барбагыла. Өзүңөр баштап, өзүңөр жыла бергиле, силер деле жаш эмессиңер” деп батасын берди. Ошондо мен 32де болчумун. Жумагазы деле жашташ, Жыпар кичине улуу, 34-35терде болуш керек эле.
Түгөлбай Сыдыкбеков
Анан Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнөн чыгып алып “Ала-Тоо” кинотеатры тарапта Аксакалдар чайканасы деген бар эле. Ошол жерде барып бир кеседен кымыз алып, анан эмне кылабыз деп кеңештик. “Жумагазыны төрага кылалы. Жыпар кооператив иштетип, акча-тыйын, аны-мунусун билип калыпсың, сен аткаруу комитетине төрага бол” деп сүйлөштүк. Мен Жумагазыга орун басар болмок болдум, уюштуруу маселелерин колго алдым. Алдыда курултайды өткөрүүнү пландадык. Курултайды өткөрүү дагы бул тозок иш да. Жыпар менен Жумагазы ошо кезде жер басып алган жаштардын арасында лидер катары таанылып калган болчу. Курултайды өткөрүү маселесин мен өзүмө алдым. Депутат катары райисполком менен залды сүйлөштүм. “Ашарды” каттоодон өткөрүү чоң мүшкүл болгон. Кийин Жумагазыга айтсам “мен такыр билбептирмин” деген. Чынын айтканда, Жумагазы, Жыпар деле “Ашар” кандай болуп катталып, кандай болуп реестрден өтүп калганын билишкен жок. Ошол кезде үй куруучулар коому катары каттоодон өттүк. Кийин уюм саясатташып кеткенде бир топ киши аны каттаганы үчүн тил укканын билем.
- Ошол кезде КГБ күчүндө эле. Сиздерге кандай мамиле болду?
- Ошондо КГБда тергөөчү болуп иштеген, кийин Конституциялык соттун судьясы болуп жүргөн Касмалиевдин айтканы бар. “Ар бириңерге ошол кезде иш даяр болчу” дейт. “Материалды толук даярдап койгонбуз” дейт. Азыркыдай эле да “төңкөрүш аракети” деп даярдаган. Чынын айтканда жогортон буйрук болгон эмес. “Эгерде партиядан камагыла деген буйрук болгондо камакка алмакпыз” деген ал. Андан кийинки кесепеттерин ойлошкон. Анткени биз менен эле чектелген жок да. Мындай жараяндар СССРдин булуң-бурчунда жүрүп жаткан.
Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) акциясы. Бишкек, 1991-жыл.
- 1990-жылдары мындай кыймылдардын арты менен эгемендик келди. Андан кийинки риторикабыз деле ошол эле маалдагыдай калып калган жокпу? Азыр деле кыргыз тили өнүкпөй жатат дейбиз. Тарыхыбызды кайра жазалы, КГБнын архиви ачылбай жатат деген менен эле 30 жылыбыз өтүп кеткен жокпу? Кандай ойлосуз?
- Ошону жогоруда айтпадымбы, 35 жыл тарыхыбызды жиликтеп, ажыратып, маанисин толук түшүнгөн жокпуз. Баарыбыз эле “эгемендик алдык, бүт чечилет, тил деле өзү чечилет, баары өзү чечилет” дегендей сезимде болдук. Кайдыгерлик, кенебестик мамиле кылып койдук го.
- Экономикалык кризис дагы таасир этсе керек.
- Жок, бул жерде экономикалык кризистин таасири жок. Бул тил, маданият маселелери өзүбүздүн эле ыкшоолук, кенебестик, кайдыгерлик. 37 жылдан бери кыргыз тили мамлекеттик тил катары калыптанган жок да. Дагы деле орус тили үстөмдүк кылат. Азыркы күнгө чейин мыйзам же башка документтин баары орусча жазылат, анан кыргызчага которулат. Кыргызча котормосун эч ким деле окубайт, орусчасын эле карашат. Кыргызчасы менен орусчасынын ортосунда айырмачылык көп болгон мыйзамдар толтура. Бул акыры келип эле ошол мен айткан өзүбүздүн тилге карата өзүбүздүн эле кайдыгер мамилебиз.
Математиканы кыргызча сүйлөтүп, куугунтук көргөн илимпоз
Ракым Усубакунов (солдон экинчи) кесиптештери менен
- Тил жөнүндө сүйлөшүп жатпайбызбы. 1960-жылдары эле илимпоз, математик Ракым Усубакунов “математика окуу китебин кыргызча жазалы” деп маселе көтөрүп, анан проректорлуктан алынып, биринчи жолу кыргыз студенттери каршылык акциясына чыгышканы айтылып жүрөт. Мен тарыхчылардан сураштырып жүргөм. Сизди айтып калышты жакын тууганы болот деп. Эми ушу киши жөнүндө сүйлөшүүнүн удулу келип калды окшойт.
- 1960-жылдары “Хрущёвская оттепель” деп коет, ошол мезгилде дагы жаштардын толкуну болгон. Ракым Усубакунов ошол жаш кезинде, 30дун тегереги го, Политехникалык институтка биринчи проректор болуп дайындалып калат. 1965-жылы министрликке чейин кайрылып, “Абдан зээндүү кыргыз балдар айылдан келип эле орусча жакшы билбей, ындыны өчүп калууда. Биз 1-2-курста кыргызча окутпайлыбы” деген маселе коет. “Кантип окутасыз? Окуу китеби жок болсо” деген жооп алат. Анан Политехте (Фрунзе политехникалык институту) ошол кездеги жаш мугалимдер чогулуп, “келгиле, окуу китептерин, усулдук колдомолорду жазалы” деп, ишке киришет. Ракым Усубакунов жогорку окуу жайлары үчүн "Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр" деген эки томдук окуу китебин, "Математикалык анализ" деген үч томдук окуу китебин жазган. Жазуучу Өскөн Даникеев ошол маалда Политехте сызма геометриядан сабак берчү экен. Ал “Сызма геометрия” деген кыргызча китеп жазып, 1967-жылга карата алты-жети китеп чыгарышат. Анан министрликке кайра маселе коюшат. “Мына, китептер даярдалып жатат. Дагы алдыда жазылып жатат” дешет. Ошентип бул маселе жогору жакка чейин жетип, “улутчулдук өсүп баратат, муну токтотуш керек” деген сөз болот. Кыргызча окуталы деген демилге тууралуу сөз башка окуу жайларга дагы тарап, студенттердин арасында талкуу жаратат. Ушундайда токтотолу деп Ракым Усубакуновго улутчул деген айып тагып, биринчи проректорлук кызматтан алууну чечишет. Уу-дуу болуп калган студенттер көтөрүлүп кетишет. Бул тууралуу макала дагы жазгам. Маркум акын Табылды Муканов айтып берген эле. “Ал кезде филфакта окучубуз, анан эле уу-дуу болуп калды" дейт. “Ракым Усубакуновду проректордон алып ташташыптыр. Ордуна коюш керек. Митингге чыгабыз” деп. Ал кезде эми каяктагы митинг? Түшкө кирбейт да. "Анан ошо митинг болот деген күнү биздин филфактын 5-жатаканасынын оозун мугалимдер тосуп, чыгарбай коюшту. Терезеден экинчи кабаттан түшүп, студенттер чогулуп жаткан жерге Белинский көчөсү менен өйдө жөнөдүк. Бүт бардык окуу жайлардан студенттер барышыптыр, КГБ бир топ активисттин баарын кармап, “чогулбагыла” деп токтоткон экен. Анан чыккандары келишип, Асейин Аракеев деген студенттердин башында жүрүптүр” деп эскерген. Көрсө, Ракым Усубакуновго “чогулгандарды таратпасаңар камаласыңар” деген шарт коюшуптур. Алар студенттерди таратып, өзү кийин Политехтен жумуштан алынып, өмүрү өткөнчө Кыз-келиндер институтунда мугалим болуп иштеди. Докторлук диссертациясын ошол кезде жактатпай коюшту. 52 жашында өмүрдөн эрте өтүп кетти ал киши. Бир атанын балдарыбыз. Мен дагы математикмин. Ал кишинин тарбиясын көрдүм. Улутка күйүү бул сөзсүз түрдө ошол Ракым Усубакуновдун таасири. Бир окуя эсимде, 1980-жылы мен университетти бүтүп жаткам. Анан диплом жактадык беле же ушу даярданып жүргөндө Каныбек Осмоналиев Олимпиаданын чемпиону болуп калды. Ракым абамдын үйүнө барып калсам телевизор карап олтуруптур. “Каныбек чемпион болду” деп ушундай сүйүнүп алыптыр. Анан ошондо айткан: “Ар бир кыргыз өзүнүн тармагы боюнча кыргыз элинин атын чыгарып отурса кыргыз дүйнөгө таанылат” деп.
- Доор, кырдаалдын толкунун кармап, өзгөрүүлөрдү жасаган муун жөнүндө сөз кылып жатабыз. Азыр, өзүңүз билесиз, ушул Борбор Азияда, өзгөчө Казакстанда, Кыргызстанда дагы деколонизация, десоветизация деген аракеттер жүрүүдө. Совет доорундагы түшүнүктөрдөн, аң-сезимден кетели, тарыхыбызга башкача карайлы, өз тилибизде сүйлөйлү деген жаштар чыгууда. Ушул кыймылдар жаштарга секирик жасаганга түрткү бере алабы?
- Ошондой болот деп айта албайм. Анткени түрткү бериш үчүн ошол эле илгерки биздин колониалдык жашообуздун запкылары, саркындыларынын бир кысымы болуш керекпи? Айтор, кандайдыр бир нерсе болуш керек да. Азыркы жаштарга алардын таасири жок да. Экинчи жагынан, намыс маселеси, улуттук ар-намыс маселеси таасир этиши мүмкүн. Эмне үчүн биз 30 жылдан ашык эгемен болуп туруп өзүбүздүн жолубузга түшүп албайбыз? Эмне үчүн өзүбүздүн эгемен саясатты жүргүзө албайбыз? Эмне үчүн өзүбүздүн эгемен мамлекетте өзүбүздүн тагдырыбызды өзүбүз чече албайбыз? Эмдигиче Москвага кылчактай беребиз деген маанай таасир этиши мүмкүн да. Жаштардын азыр кулачы кенен. Америкада жүрөт миңдеп-миңдеп, Европада жүрүшөт. Дүйнөдө болгон саясатты, болгон процессти, анан дүйнөдөгү элдердин жашоосунун ыңгайын бүт көрүп жатат. Ошондуктан азыр жаштардын дүйнө таанымы абдан кенен. Мына ошол жагынан алганда улуттук иденттүүлүк, улуттук ар-намыс маселеси жаштарды бириктирүүчү идея болушу мүмкүн.
(Айрым кыскартуулар менен берилди. Маекти толугу менен видеодон көрө аласыз)