Төрт айда экзаменден өткөндөргө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет

Президент Садыр Жапаров "Унаа" мекемесинде.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 9-февралдан тарта мамлекеттик автомектептерге курсанттарды кабыл алуу башталганын билдирди. Анын сөзүнө ылайык, автомектепти онлайн же барып окуса да болот.

Бирок айдоочуларды даярдоо боюнча кайсыл аймактарда канча автомектеп ачылганын тактаган жок. Мындан тышкары төрт ай окуп экзаменден өткөндөргө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилерин кошумчалады.

“Теориялык сабактар 320 саат болот. Төрт айдын ичинде 3-4 курсантыбыз окууга даяр болгон болсо тест алып, экзамендерге киргизебиз. Эгерде өтүп кетсе бир жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк беребиз. Күбөлүк алган жаран бир жылда бир да жолу жол эрежесин бузбаш керек. Жол кырсыгына кабылбаш керек. Эгерде эреже бузуп, кырсыкка кабылса күбөлүгү жокко чыгат (ред: одоно эреже бузуу болсо). Окуунун мөөнөтүнө байланыштуу президент тапшырма коюп “убактысын карап көргүлө” деген. Биз азыр Европа мамлекеттеринин ыкмаларын колдонуп жатабыз”, - деди ал.

Каныбек Туманбаев төрт айда экзаменден өтүп бир жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк алган адам эреже-талаптарды сактаса андан кийин расмий күбөлүк тапшырыларын кошумчалады.

Айдоочулук күбөлүк жана менчик автомектептер боюнча реформаны президенттин иш башкармалыгы жүргүзүп жатат. Реформанын алкагында менчик автомектептер жабылды. Эми курсанттарды мамлекеттик автомектептер окутуп, окуунун мөөнөтү 10-12 ай болот. Буга чейин окуу 2,5-3,5 ай болчу.

Буга байланыштуу менчик автомектептердин ээлери нааразылыгын билдирип, коомдо окуунун мөөнөтү узак экени айтылып келатат. Президент Садыр Жапаров жана Каныбек Туманбаев буга чейин 10-12 ай окуу туура эле экенин, бул убакытта курсанттар машине айдоодон тартып автоунаанын айрым тетиктерине чейин үйрөнүп чыгышарын айткан. (BTo)


Дагы караңыз

75 адамдан турган топ президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылуу жасадыОш милициясы аламан улак тартыштагы өлүм менен аяктаган окуяны териштирип жататМинистр Орусиядагы кыргыз дарыгерлерин Кыргызстанга келип иштөөгө чакырдыТөрөбаев сугат суу берүүдө электрондук эсептегичтер коюларын айттыИИМ “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн билдирүүсүн текшерип жататФСБ: генерал Алексеевге кол салууга шектүү Дубайда кармалып, Москвага жеткирилди №13 округ: Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери башталды Улуттук банк валюта базарына дээрлик 110 млн доллар сатты