Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Москва шаарында Орусияда эмгектенип жаткан кыргызстандык медицина кызматкерлери менен жолугушуп, аларды Кыргызстанга келип иштөөгө чакырды.
Министрликтин маалыматында жолугушууга Москвада саламаттык сактоо тармагында иштеп жаткан 60ка жакын кыргызстандык дарыгерлер катышты.
Каныбек Досмамбетов өлкөдө эмгек акыны жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана медицина кызматкерлеринин иш шартын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берип, жаш адистерге болгон шарттар түзүлөрүн айтты.
Дарыгерлер чет өлкөдө иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанда жумушка орношуу сыяктуу суроолорду берген. Министр Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы кесипкөй адистерге муктаж экенин, министрлик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын кошумчалады. (BTo)
Шерине