Кытайдан машине ташууда уруксат кагазын алуу жеңилдеди

Кыргызстандагы машине базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Кытайдан автоунаа ташууда уруксат берүү кагаздарын алуу 24 сааттан 10 мүнөткө чейин кыскарганын билдирди.

Өкмөттүн маалыматында 2025-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда машине ташуу боюнча 130 миң уруксат берилген. Буга чейин ишкер документтердин пакетин даярдап, арыз берип, кагаз түрүндөгү уруксат алуу үчүн Транспорт министрлигине өзү барышы керек болчу. Бул үчүн 24 саатка чейин убакыт кеткен. Эми ал 10 мүнөткө чейин кыскартылды.

Уруксат кагазын электрондук түрдө бекитүү жана берүү үчүн е-Пермит (e-Permit) программасы иштелип чыкты. Ошондой эле онлайн арыздарды жана электрондук капчыктар аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу киргизилген. Тиешелүү мекемелердин ортосундагы маалымат алмашуу “Түндүк” платформасы аркылуу толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул тууралуу 9-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттик администрациянын аппараттык жыйынында “өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагындагы ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарган жыйында айтканын билдирди. (BTo)

Дагы караңыз

Төрт айда экзаменден өткөндөргө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет75 адамдан турган топ президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылуу жасадыОш милициясы аламан улак тартыштагы өлүм менен аяктаган окуяны териштирип жататМинистр Орусиядагы кыргыз дарыгерлерин Кыргызстанга келип иштөөгө чакырдыТөрөбаев сугат суу берүүдө электрондук эсептегичтер коюларын айттыИИМ “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн билдирүүсүн текшерип жатат№13 округ: Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери башталды ФСБ: генерал Алексеевге кол салууга шектүү Дубайда кармалып, Москвага жеткирилди