ТИМ АКШда кармалган Бейшекеев менен байланышканын билдирди

Индиана штатынын полициясы тараткан сүрөттөрдөн жасалган коллаж.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда жол кырсыгына кабылып, камакка алынган Кыргызстандын жараны Бекжан Бейшекеевге телефондон консулдук-укуктук кеңеш берилгенин кабарлады.

Тышкы саясат мекемеси билдиргендей, министрликте Бекжан Бейшекеевдин туугандары менен жолугушуу өткөрүлүп, Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулдугу аны менен телефондон байланышты.

Ал кармалып турган акыркы жай такталгандан кийин, башкы консулдуктун кызматкерлери Бекжан Бейшекеев менен жолугат деп пландалууда.

Кошмо Штаттардын Ички коопсуздук департаментинин маалыматында 3-февралда Бекжан Бейшекеев жүк ташуучу 18 дөңгөлөктүү автоунаасын каршы тилкеге буруп, жети кишилик машине менен кагышкан. Кырсыкта төрт америкалык жаран каза тапкан. Алар 50 жаштагы Генри Айхер, 25 жаштагы Менно Айхер, 19 жаштагы Пол Айхер жана 23 жаштагы Симон Жирод.

Индиана штатынын полициясынын маалыматына ылайык, адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы Жей округундагы State Road 67 жана County Road 550 East жолдорунун кесилишинде болгон.

Ички коопсуздук департаменти Fox News телеканалына билдиргендей, ал АКШга 2024-жылдын 19-декабрында Аризона штатындагы Ногалес чек ара өткөрмө пункту аркылуу CBP One мобилдик тиркемеси менен кирген.

Департамент Бекжан Бейшекеевдин “мыйзамсыз мигрант” экенин белгилеген. Fox News баш болгон америкалык бир катар маалымат каражаттары жазгандай, Бейшекеевге Пенсильвания штатынын Транспорт департаменти тарабынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) берилген. (BTo)

Дагы караңыз

Өзгөндөгү аламан улактан кийин Ниязовго 5500 сом айып салындыТөрт айда экзаменден өткөндөргө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилетКытайдан машине ташууда уруксат кагазын алуу жеңилдедиУлуттук банк валюта базарына дээрлик 110 млн доллар сатты75 адамдан турган топ президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылуу жасадыОш милициясы аламан улак тартыштагы өлүм менен аяктаган окуяны териштирип жататТөрөбаев сугат суу берүүдө электрондук эсептегичтер коюларын айтты