Кан жолдогу кырсык
Төрт америкалыктын өмүрүн алган кырсык 3-январда, күндүзгү саат төрттөр чамасында Индиана штатынын Жей округунда болгон. Расмий маалыматка караганда, 30 жаштагы Бекжан Бейшекеев алдында бараткан жүк ташуучу оор унаа жайлаганда, айдап бараткан трагынын ылдамдыгын азайта албай каршы тилкеге чыгып кеткен. Ошол маалда каршы тараптан келаткан 15 кишилик чакан автобус менен сүзүшкөн. Ал автоунаада бараткан алты жүргүнчүнүн төртөө ошол жерден жан берген. Маалымат каражаттары жазгандай, каза болгондордун баары Америкадагы амиштер жамаатынын өкүлдөрү эле.
(Амиштер - АКШ жана Канаданын айрым аймактарында жашаган, салттуу христиан агымын карманган, заманбап технологиялардан мүмкүн болушунча алыс жашоону тандаган жамаат)
Американын Ички коопсуздук департаменти Бейшекеев 5-февралдын таңында камакка алынганын билдирди.
“4-февралда ICE иммиграциялык кызматы Бейшекеевди Жей округунун абагында кармоо боюнча ордер чыгарды. Индиана штатынын ICE менен кызматташуусунун натыйжасында биз аны 5-февралда таң эрте камакка алдык. Ал иммиграциялык териштирүүлөр аягына чыкканга чейин ICE кызматынын кайтаруусунда болот”- деп жазылат расмий билдирүүдө.
Каргашалуу окуя Кошмо Штаттардагы кыргызстандыктарды кыйла нес кылды.
"Бардык эле сайттарда “Кыргызстан” деп жүрөт. Көрүп алып жүрөгүм ачышып жатат. Комментарийлерди окусаң “Трамп, бул ишти качан бүтүрөсүң? Качан кетиресиң? Качан тазалайсың?” дегендер көп. Актар деле, каралар деле өзүбүз себепчи болуп жатабыз", - дейт Америкада жашаган мекендештердин бири Мирлан.
Бекжан Бейшекеев ким?
Ички коопсуздук департаменти Fox News телеканалына билдиргендей, Бекжан Бейшекеев АКШга 2024-жылдын 19-декабрында Аризона штатындагы Ногалес чек ара өткөрмө пункту аркылуу CBP One мобилдик тиркемеси менен кирген.
Би-би-синин кыргыз кызматы Бекжан Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулуп-өскөнүн аныктап, анын классташтары менен байланышкан.
Жакын досу Фархад Бекжан үй-бүлөсүн багам деген тилек менен алыскы Америкага кеткенин айтып берди. Классташы кезинде мектептин президенти болуп, Улуттук Гвардияда кызмат өтөгөнүн, кийин милицияда иштеп, лейтенант наамын алганына токтолду.
Дагы бир классташы Айпери да Бекжанды кичипейил, жакшы үй-бүлөдө жакшы тарбия алып чоңойгон жигит деп сүрөттөгөн.
АКШнын Ички коопсуздук департаменти Бейшекеевдин "мыйзамсыз мигрант" экенин баса белгилеген.
Fox News баш болгон америкалык бир катар маалымат каражаттары жазгандай, Бейшекеевге коммерциялык айдоочулук күбөлүктү Пенсильвания штатынын Транспорт департаменти берген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги төрт кишинин өлүмүнө айыпталган Бекжан Бейшекеев кыргыз жараны экенин ырастап, бул маселе Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө турганын маалымдады.
Ал эми АКШдагы айрым кыргызстандыктар Бекжан жарым жылдан бери “Сэмэкспресс” (Sam Express) трак компаниясында иштеп жүргөнүн айтышты.
АКШдагы кыргыздардын "трак бизнеси"
Бекжан Бейшекеев иштеген “Сэмэкспресс” ал жактагы мигранттардын айтымында Иллинойс штатындагы эң чоң трак компаниялардын сап башында турат. Ар кандай маалыматтарга караганда, ишкананын 700-800дөй чоң жүк ташуучу автоунаасы бар.
Аты-жөнүн ачык айтпоону өтүнгөн чикаголук мекендештин айтымында, “Сэмэкспресс” жакшы киреше таап, ошого жараша жакшы салык төлөгөн компаниялардын бири.
Ушул тапта Кошмо Штаттарда кыргызстандыктар иштеген жүздөгөн трак компаниялар бар.
Океандын ары жагындагы мигранттар бул окуядан кийин текшерүүлөр күчөп, депортация көбөйүшү мүмкүн деп кооптонуп турушат.
"Азыр акыбал кыйын. Жаман эле болду. Трак алам деген балдар айнып жатат. Трак алгандан коркушууда. “Кандай болуп кетет? Кандай мыйзам кирип кетет?” деп ойлонуп калышууда. Мындай нерсе бизге керек эмес эле да. Мекендештерге айтарым: бир аз да болсо жоопкерчиликтүү, сак бололучу. Машина айдап баратканда телефонду кармабайлы. Кан жолдо жүрөбүз. Ушул нерселерге жакшырак көңүл буралы", - дейт Мирлан.
Ошол эле учурда айрым америкалык басылмалар соңку каргашадан кийин трак компаниялардагы эреже бузууларды дагы текшерүү керек экенин жазып чыгышты.
CBP One деген эмне?
Американын азыркы администрациясы Бекжан сыяктуу миңдеген мигрантка ар кандай жолдор менен Мексикага жетип, андан ары АКШнын аймагына CBP One тиркемеси менен кирүүгө жол ачкан президент Байдендин саясатын кескин сындайт.
Бул тиркеме 2023-жылы иштеп баштаган. Аны негизинен Мексика аркылуу киргендер колдонушкан. Түштүк чек арадан өтүүнү көздөгөндөр тиркеме аркылуу кезекке туруп, андан соң АКШнын аймагына өтүп, баш паанек суроого мүмкүнчүлүк алышкан.
2025-жылдын 20-январында президент Дональд Трамп кызматка киришкен күнү тиркеме жабылып, ага чейин катталгандардын тизмеси жокко чыгарылган.
Президент Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.
Былтыр индиялык айдоочу катышкан кырсыктан кийин чет элдиктерге коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) берүүдө да чектөөлөр киргизилген.
Шерине