Нарын шаарынын мурдагы мэри Кеминге аким болуп дайындалды

Канболот Тутуев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кутпидин Шакиров өзү жазган арыздын негизинде Чүй облусунун Кемин районунун акими кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчы башка тескемеси менен Канболот Тутуевди Кеминдин акими кылып дайындады.

44 жаштагы жаңы аким Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Насирдин айылында төрөлгөн. 1999-2004-жылдары ОшМУнун философия жана башкаруу технологиясы факультетинде “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолун 2006-2007-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис болуп баштаган. Акыркы жолу 2022-жылы Нарын шаарынын мэри болуп дайындалып, бул кызматта 2025-жылдын июль айына чейин иштеген. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан–Франция түз авиакаттамын ачуу мүмкүнчүлүгү каралуудаУкраина: Дрон чабуулунан адамдар жараат алды, энергетикада абал оор экени эскертилдиКыргызстан Сауд Арабиядан мектеп куруу үчүн 50 млн доллар насыя алатАКШ Тынч океанда маңзат ташыган кемеге сокку урганын билдирдиБишкек мэриясы Профсоюз көчөсүн көрүстөндү айлантып салмай болдуАКШнын вице-президенти Вэнс Ереванда Армениянын премьери Пашинян менен жолукту