Журналист Мамыркулованын сотунда тараптардын жарыш сөзү башталды

Журналист Канышай Мамыркулова адвокаттары менен. Бишкек шаардык соту. 30-январь, 2026-жыл.

10-февралда Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын апелляциялык арызы боюнча соттук териштирүү уланып, тараптардын жарыш сөзү башталды. Журналисттин адвокаттары сөз сүйлөп, коюлган айыптар негизсиз экенин айтышты.

Ишти караган судьянын башка да отуруму болгондуктан соттук жараян 13-февралга жылдырылды.

2025-жылы 3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Журналистке Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып тагылган.

50 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (DSh/BTo)

Дагы караңыз

Кудрет Тайчабаровго дагы эки айып коюлганы белгилүү болдуЕвробиримдик Кыргызстандагы эки банкка санкция салууну көздөп жататЖК комитети гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдодуКыргызстан Сауд Арабиядан мектеп куруу үчүн 50 млн доллар насыя алатАКШ Тынч океанда маңзат ташыган кемеге сокку урганын билдирдиТИМ АКШда кармалган Бейшекеев менен байланышканын билдирдиНемис тышкы иштер министри Берлинде борбор азиялык башкы дипломаттар менен жолугат