Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 10-февралдагы отурумунда гендердик теңчилик маселелерине байланышкан мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды.
Долбоорго 40тай депутат демилгечи болгон. Документ тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызмат орундарга гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылууну карайт. Анда бир жыныстагы адамдар 70% ашпаган деӊгээлде болушу керек.
Документти Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында экинчи окууда кабыл алган. Эми үчүнчү окууга киргизилет.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Камила Талиева Кыргызстан Гендердик теңчилик боюнча эл аралык конвенцияга кошулганы менен иш жүзүндө милдетин аткарбай жатканын сындаган. Ал ушул тапта Министрлер кабинетине караштуу 22 министрдин бирөө гана аял, калганы эркек экенин айткан.
Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы өлкө гендердик теңдик жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30% кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.
Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын аздыгы көп жылдан бери талкууланып, өткөн парламенттик шайлоодо аялдар үчүн туруктуу квота киргизилген. Учурда Жогорку Кеңештеги 87 депутаттын 29у же 30% айымдар. (BTo)
Шерине