Transparency International "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстанды 142-орунга койду

10-февралда Transparency International эл аралык уюму "Коррупцияны кабылдоо индексин" жарыялады.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 26 упай менен 142-орунга жайгаштырылды. Өткөн жылкы баяндамада (2024-жылдын жыйынтыгы) Кыргызстан 25 упай менен 146-сапта болчу. Отчетто 182 мамлекетте жана аймактардагы паракорлук көрүнүштөрү изилденген.

Уюмдун маалыматында айтылгандай, Кыргызстан жана Казакстан бейөкмөт уюмдарга каршы кесепети оор мыйзамдар менен жарандык коомду ооздуктоону улантууда.

Уюмдун методологиясы боюнча баалоо шкаласы 0дөн 100гө чейинки упай менен өлчөнөт. Берилген упайы канчалык төмөн болсо коррупциянын деңгээли ошончолук жогору деп эсептелет. Ал эми упайлары 100гө карай жогору болгон өлкөлөрдө коррупциянын көрсөткүчү төмөн экенин билдирет.

Кыргызстан менен бирдей упай Гвинея, Нигерия, Гватемала, Камерун жана Папуа-Жаңы Гвинеяга ыйгарылган.

Борбор Азиядагы калган өлкөлөрдү алсак, Казакстан 38 упай менен 96, Өзбекстан 31 балл менен 124-орундарда турат. Эң начар абал Тажикстан менен Түркмөнстанда түзүлгөн. Алар 164 жана 165-саптарга жайгаштырылган.

Рейтингдин эң жогору жагында Дания, Финляндия жана Сингапурду көрүүгө болот.

Ал эми коррпуция жаатындагы эң аянычтуу абал Түштүк Судан, Сомали жана Венесуэлада түзүлгөн.

Сөз болгон индекс дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны кабылдоого баа берүүдө негизги инструмент болуп саналат.

Дагы караңыз

Саясий тандем атаандаштыкка айланабы?Чек ара кызматы УКМК курамынан чыгарылдыТашиев кызматтан алынды. Ага эмне себеп болду?