Экс-депутат Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары болду

Алишер Эрбаев.

Президент Садыр Жапаров Алишер Эрбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору кылып дайындады.

Мамлекет башчы дагы бир тескемеси менен Уранбек Шадыбековду УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматына бекитти.

53 жаштагы Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. 2016-2019-жылдары Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. 2019-2021-жылдары УКМКда кызмат кылган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.

Садыр Жапаров бул чечимин “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалады. Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.

Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы күтүүсүз болгонун айттыУкраин спортчуга согушта каза болгон атлеттердин сүрөттөрү тартылган шлемди кийүүгө тыюу салындыTransparency International "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстанды 142-орунга койдуЧек ара кызматы, Күзөт кызматы УКМК карамагынан чыгарылды Алагөзов президенттин Ташиев боюнча буга чейинки комментарийине тактоо киргиздиИИМ былтыр жүздөн ашуун өспүрүм жанын кыйганын билдирдиУКМКнын төрагасынын милдетин Жумгалбек Шабданбеков аткаратПарламенттин басма сөз кызматы төрага тууралуу маалыматтарды төгүндөдү