Ушул тапта Германиянын Мүнхен шаарында дарыланып жүргөн Ташиев бул чечим күтүүсүз болгонун айтып, мындан аркы бардык кадамдар мыйзам чегинде болорун билдирди. Соңку беш жылда бийлик сересинде эң маанилүү кызматты ээлеген жетекчинин кызматтан алынышы талкууга жем таштап, айрым адистер кыргыз саясатындагы кезектеги тандемдин урашы катары сыпаттоодо. Эгемен кыргыз тарыхында кандай тандемдер болду эле?
Саясий “тандем” түшүнүгү 2005-жылы кыргыз коому “Жоогазын ыңкылабына” элирип, ошонун таасиринде турган мезгилде пайда болду. Ошол кездеги президент Аскар Акаевди бийликтен кулаткан саясий күчтөрдүн лидери Курманбек Бакиев менен абактан чыгып, саясий туткун катары таанылып, зоболосу көтөрүлүп турган Феликс Кулов президенттик шайлоого чогуу аттанып, бири мамлекетти, экинчиси өкмөттү башкарарын жар салган.
2017-жылы президенттик мөөнөтү соңуна чыгып бараткан Алмазбек Атамбаев жакын досу Сооронбай Жээнбековду “өзүнүн саясатын улантуучу” катары мураскер кылып, шайлоого аттандырган. Бул учурду, албетте, атаандаш саясатчылардын тандеми катары атоо кыйын.
2020-жылы болсо талаштуу шайлоодон кийинки бийлик алмашуудан соң кайрадан тандем түзүлүп, Садыр Жапаров президент, Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы болуп келди.
“Эки дос” тандеми
Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев. Архив сүрөт.
Жапаров менен Ташиев 2005-жылдан бери достошуп, үй-бүлөлүк карым-катнашта жүргөнүн маектеринде айтып келишет. Саясаттагы жолу дагы ушул жылдары башталып, парламентке жаш депутат болуп келишкен. Дал ушул учурда эки депутаттын ымаласы артып, соңку 20 жылда эң жакын саясий үзөңгүлөшкө айланды. Буга чейин эки саясатчы тең саясий өнөктөштүктүн башталышын дал ушул 2005-жылдагы парламенттеги ишмердик себеп болгонун бир нече жолу эскерген жайы бар.
2010-жылы Апрель окуясынан кийин Жапаров менен Ташиев ал кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө оппозиция болгон "Ата Журт" партиясын түптөп, парламенттик шайлоодо жеңип чыкты. Формалдуу түрдө алгач коалицияга кошулганы менен ошол учурдагы бийликтин негизги оппоненттери болушкан. Кийин 2012-жылы Кумтөр кени боюнча митингге Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов болуп чогуу чыгып, камалып чыгышты.
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов сот залында, 10-январь, 2012-жыл
2017-жылы Жапаров камакка алынгандан кийин Ташиев ошол кездеги бийлик жетекчилерине аны бошотуу боюнча бир нече ирет кайрылуу жасаган.
2020-жылдын октябрындагы талаштуу шайлоодон кийинки толкундоолор бул саясатчылардын жылдыздуу сааты болду. Шайлоого нааразы болгон демонстранттар 2020-жылдын 6-октябрында таңга маал Ак үйгө кирип барып, өкмөт имаратын ээлеп алышкан. Түн ичинде абактан бир катар саясатчылар бошотулуп, анын ичинде үч жарым жыл абакта отурган Жапаров дагы чыккан. Ал түз эле аянттагы элдин алдына чыгып, аны Ташиев коштоп келген. Бул эки саясатчы элге алынып, өзгөчө жаштар аларды катуу колдошкон.
Абактан чыккан Жапаров алгач премьер-министр, андан кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп шайланат. 2021-жылдын январында президенттик шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындалып, Жапаров шайлоодон жеңип чыкты. Жапаров бийликке келери менен Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кылып дайындады. Баш мыйзамды өзгөртүү дагы референдум аркылуу колдоо таап, Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы кирген. Ошондон бери “эки дос” тандеми болуп, туруктуу беш жыл иштеди.
Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев парламент жыйынында Жапаровду досу "саясий Олимптин чокусуна жеткиргенин" белгилеп, Ташиевдин тарых алдындагы жоопкерчилиги Жапаровдукунан кем эмес экендигин айткан:
"Илгери госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын "доссекретарь" деп айтар элем. Госсекретарга эскертүү, сөгүш берип, жумуштан бошотсоң болот эле. "Доссекретарды" алмаштыра да, кутула да албайсың. Буга чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колуна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору жана туугандары көргөндүгүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол жакындары, достору түрткөн. Бул, Садыр Нургожоевич, сизге, сиздин командага чоң сабак болушу керек. Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Нургожоевичтикинен тарых алдында кем эмес, балким, андан да жогору".
Текебаев айткандай, Ташиевдин бийликтеги ролу өкмөт мүчөсү деген макам менен гана чектелбестен "өлкөдөгү экинчи адам" деп аталып келди.
Жапаров президент болгондон кийин Ташиевге кеңири ыйгарым укуктар берилип, криминалга жана коррупцияга каршы күрөштү күчөткөнү айтылып келди.
Ташиевдин жетекчилиги менен атайын кызмат “кустуруу” операциясын жүргүзүп, ондогон чоң жана майда чиновниктер камалып, мамлекет казынасына каражат төлөшкөн. Беш жыл ичиндеги күрөштүн жыйынтыгы менен өлкө казынасына 300 миллиард сом түшкөнүн Ташиев өткөн жыл соңундагы маалымат маектеринде айткан эле. Андан сырткары мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери жана имараттар кайтарылганын айткан.
“Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында 300 миллиард сомдон ашык мал-мүлктү, акча каражаттарын мамлекетке кайтарып бериптирбиз. Миңден ашык ар кандай ишкана-мекеме, объектилерди кайтарып бериптирбиз. Ошондой эле 30 миң гектардан ашык жерди кайра мамлекеттин менчигине кайтарып бериптирбиз. Эмне үчүн Кыргызстанда ушунчалык чоң масштабдагы коррупция башталып кеткен? Ушуга көз жүгүртүп ойлоно турган болсок, бул мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү аркылуу талап-тоноо башталганын билесиңер. 1992-1993-жылдары эгемендүүлүктү алгандан кийин мамлекеттик мал-мүлктү менчиктештирүүгө бергенден кийин мамлекетти талап-тоноо ушунчалык күчөгөн. Менчиктештирүү элге кыянатчылык менен жүргүзүлгөн. Менчиктештирүү элдин колунда эмес, кайсы бир топтун, мамлекеттик органда иштеген адамдардын жана шылуундардын гана колунда калган”, - деген Ташиев.
“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлдү. Мурдагы бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов соттолуп, мамлекетке 2 млрд сом төлөп бергени айтылган. Коррупцияга каршы күрөштүн арты менен жаңы мыйзам кабыл алынып, ондогон кишилер кармалып, мамлекетке каражат төлөштү. Президент Жапаров депутат кезинен көтөрүп жүргөн “Кумтөр” маселесинин өтөөсүнөн чыгып, мамлекетке кайтарды. Өлкөнүн бюджети көбөйүп, ИДП өстү. Узак жылдар чыр-чатактын булагы болуп келген кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасы чечилди. Ушунун баарын саясат талдоочулар, коомчулук “эки дос” тандеминин жемиши катары баалап, “экөө бири-бирин толуктап иштеп жатат” деген пикирлер үстөмдүк кылды.
Президент Жапаров Камчыбек Ташиевге өлкөдөгү эң жогорку сыйлык “Кыргыз эл баатыры” деген наам ыйгарды.
Бул убакыт аралыгында кыргыз саясатындагы туруктуулукту аныктоочу индикаторлордун бири Жапаров менен Ташиевдин мамилеси болуп келди.
2021-жылдан тарта эле ара-чолодо президент Жапаров менен УКМК төрагасы Ташиевдин достугуна байланыштуу ар кандай күдүктөр, божомолдор айтылып келген. Бирок алар “кыйышпас достор экенин” айтып, ушак-айыңдарды четке кагып келишкен. Маселен, 2021-жылы июль айында дагы ушундай божомолдор айтылган. Бирок кийин аларга жакын журналисттер экөөнүн жанаша, суу жээгинде отурган сүрөттөрүн жарыялап, “ырыс алды ынтымак” деген постторду бөлүшкөн.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президент Жапаров экинчи мөөнөткө эмне менен барат?
Бирок ошол эле маалда “экөөнүн бирөө башкарышы керек” деп пикир жазгандар дагы болгон.
Ошол эле маалда бийликке жакын саясат талдоочулар “кош бийлик мурда парламентке ар кайсыл партия утуп келген маалда болгонун” мисал тартып, эң ийгиликтүү тандем катары баалайт.
2023-жылы II Элдик курултайда президент Жапаровго делегаттардын биринин суроосуна жооп берип жатып "Ташиев экөөбүздү чабыштыра тургандар көп, бирок биз ага барбадык. Мен баарын көрүп турам. Ташиев бийликти талашкыдай, бийликте мен отурамбы же албы, экөөбүзгө тең айырмасы жок. Анткени экөөбүз тең мекен деген адамдарбыз" деген.
Чек ара көйгөйүн чечүүдөгү салымы үчүн Ташиевге ыраазычылык билдиргени бар.
“Чек ара маселелерин жөнгө салуу - жөн гана ийгилик эмес, бул эгемендүүлүктүн жана улуттук коопсуздуктун пайдубалы. Бул жаатта Камчыбек Кыдыршаевичке жана ал жетектеген өкмөттүк комиссияга ыраазычылык билдирем”, -деген Жапаров.
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев. Архив.
УКМК төрагасы, президент Жапаровдун эң жакын кишиси Ташиевдин кызматынан алынышы көптөр үчүн өтө күтүүсүз болду. Акыркы апталарда айрым саясатчылар Ташиев келерки президенттик шайлоого катышууга бышып жетти дегендей дагы оюн айтып, мындай пикирлерди Ташиевдин тарапташтары, санаалаштары кеңири жайылтып кирген. Ташиев болсо бул тууралуу ачык эч кандай билдирүү жасаган эмес. Соңку окуялар “алардын тандеми иштебей калды” дегенге негиз болууда. Айрым эксперттер бул жагдайды саясий тандемдин аякташы катары сыпаттап жатат.
“Менимче, бул тандемдин соңу. Бул өтө узакка созулган, эң эле жемиштүү, бекем тандем болду. Кыргызстандын өзүбүздүн тарыхыбызда мындай узакка созулган тандем бийлик болгон эмес. Эл аралык тажрыйбада деле саясий системаларда мындай узакка созулган тандемдин болушу өтө таң калыштуу. Бирок мындан ары бул тандем улануусу өтө күмөн. Саясат бул күрөш, бул бийлик жөнүндө, ыйгарым укуктар, салмак, таасир жөнүндө жана ар кандай кырдаалга байланыштуу албетте, сөздөр, убадалар өзгөрүшү мүмкүн. Бирок азыркы кырдаалда, менимче, бул объективдүү, мындай саясаттын табиятына жараша түшүнүш керек болгон кубулуш болуп жатат”, -дейт саясат талдоочу Эмил Жороев.
Бирок айрым саясатчылар бул окуяны ашыкча саясатташтырып, трагедияга айлантуунун кереги жок деп билдирүүдө:
Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев бул тандем өлкөдөгү экономиканын өнүгүшүндө, чек ара маселелеринин чечилишинде маанилүү ролду ойноду деп эсептейт.
"Мамлекет жакшы нукта баратат, өнүгүүдө. Жумушта же биз да жакындарыбыз менен кээде түшүнбөй калган учурлар болот. Ошол үчүн мен эки досумду чакырат элем... Баары жакшы болот, баарыбыз бир болобуз. Алдыга койгон максаттарга жетебиз. Экөө тең кыргыз элинин патриоту, экөө тең журт дегенде ичкен ашын жерге коёт. Ошол үчүн парламент – биз дагы ушул күндөрү бөлүнбөй, ынтымакта туруп койсок, Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот деп ишенем”, - деди Кыдыралиев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Жапаровдун Ташиевди кызматтан алган чечими тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына пост чыгарды. Анда Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги бир да маанилүү чечимди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын белгилейт. Байсалов эки саясий жетекчинин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун белгиледи.
“Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”, - деп жазды.
Ошондой эле Байсалов акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, УКМКнын айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалады. Бул жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жаштардын сынына кабылганын айтты.
Азыркы тапта башкы суроо - президенттик шайлоого ким барат? Буга чейин бийликтин өкүлдөрү Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө барарын айтып келишкен.
Садыр Жапаровдун кызматка киришкенине туура беш жыл толду. Муну утурлай "Ынтымак-ордонун" тапшырмасы менен төрт сериядан турган документалдуу тасма даярдалып, элге көрсөтүлдү. Ошол тасмада дагы Ташиев “келерки шайлоодо президенттикке барбай турганын, президент Жапаровду колдорун” айткан эле.
Бирок соңку жагдайдан улам анын президенттик шайлоого баруусунун кол-жолу ачылганын билдиришүүдө.
Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун сурамжылоосу боюнча акыркы жылдары Камчыбек Ташиевдин рейтинги 14 пайыздан 22 пайызга өскөн. Ошол эле маалда президент Жапаровдуку 35-38 пайыз болуп турат.
Атамбаев–Жээнбеков тандеми
Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков. Архив.
2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап бараткан маалда жакын санаалашы, досу Сооронбай Жээнбековду алгач премьер-министрлик кызматка алып келип, кийин өзүнүн саясатын улантуучу катары шайлоого аттандырган. Бул орун алмашууну айрым талдоочулар тандем эмес, мураскер операциясы катары да атап жүрүшөт. Албетте, Жээнбеков шайлоону жеңип, президенттик кызматына киришти.
Көп убакыт өтпөй эле Атамбаев менен Жээнбеков ортосундагы келишпестик тууралуу ачык айтыла баштады. Акыры чатак өрчүп олтуруп, Атамбаевдин командасындагы бир нече кишиге кылмыш иши козголуп, камакка алынышына чейин жетти.
Мунун алдында экөө тең медиага маек куруп, коомчулук күдүктөнүп келген бир топ жагдайды ачыкка чыгарышкан. Ошол кездеги президент Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине кеңири маек куруп, "мени кандайдыр бир үчүнчү жактардын колу менен жетелеме жетекчиге айлантуу, мени башкаруу аракеттери Атамбаевге адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да намыс алып келбейт" деп айткан.
“Кыргыз көчү жолун улайт” деген ураан менен чыкканмын. Бул жол жеке меники да, сиздики да, же дагы бирөөнүкү да эмес. Бул жол өлкөнүн, нечен кылымдык тарыхы бар элдин, улуу кыргыз элинин көчү. «Бектер кетет, эл калат», ал эми көч улана берет. Дал ошол жолду мен улап баратам жана улай бермекчимин. Акыркы жолу мурунку президент менен 29-мартта КСДПнын съездинин алдында жолукканбыз. Анда төрт сааттан ашык сүйлөштүк. Андан кийин жолуккан жокмун. (Булак: 24.kg маалымат агенттиги)”, - деген ал.
Атамбаев өзүнүн “Апрель” каналы аркылуу маек куруп, “коррупцияга каршы күрөшсөң, досторуңдун арасында "Раим миллион" болбошу керек” деген.
“Сооронбай Жээнбеков менен 24 жыл дос болдук. Колхоздун жетекчиси болгон депутат Жээнбеков эсимде. Ал өзү деле менин жардамым менен 2000-жылы вице-спикер болгонун айтып жүрөт. 2007-жылы менин өкмөтүмдө министр болгон. Ал эми анын өтүнүчү менен иниси Асылбек Жээнбековду партияга киргизип, депутат кылгам. Ал үч жолу депутат болуп, эки жолу спикер болду. Сооронбай Жээнбековду президенттикке чейин жеткирдим. Улуу агасын, менимче, эки жолу элчи кылып дайындадым” - деген эле Атамбаев.
Ошентип, алардын тиреши аягында Атамбаевге жакын кишилердин камакка алынышына чейин жетти. Атамбаевдин учурунда өкмөттү башкарып, кийин Жээнбеков президент болгондо дагы иштеп калган Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов камалды.
Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков. Коллаж.
Көп өтпөй Атамбаевдин өзүнө коррупция боюнча айып тагылды. Парламент чечими менен кол тийбестиги алынып, күбө катары тергөөгө чакырылды. Атамбаев айыпты "абсурд" жана саясий куугунтук деп атаган. Өзүнүн Кой-Таштагы хансарайына жатып алып, тарапташтарын чакырып, тергөөгө баруудан баш тарткан. Аны күч менен алып келүү аракети бир кишинин өлүмү менен аяктап, Атамбаев камакка алынган. Ошентип бул тандемдин аягы трагедиялуу бүттү.
Ортодо Атамбаев тергөөгө чакырылгандан кийин атайын каттам менен Канттагы орусиялык авиабазадан учуп, Москвага дагы барып келгени бар. Орус президенти менен жолугуп, ал “Кыргызстан азыркы президенттин айланасына биригиш керек” деп билдиргени айтылган эле. Кремлдин кыргыз саясатына таасири дагы бир топ талкуу жараткан.
Бакиев–Кулов тандеми
Курманбек Бакиев, Феликс Кулов. Архив.
Кыргыз саясатындагы “тандем” түшүнүгү 2005-жылы кыргыз коому “Жоогазын ыңкылабына” элирип, ошонун таасиринде турган мезгилде пайда болду. Ошол кездеги президент Аскар Акаевди бийликтен кулаткан саясий күчтөрдүн лидери Курманбек Бакиев менен абактан чыгып, саясий туткун катары таанылып, зоболосу көтөрүлүп турган Феликс Кулов президенттик шайлоого чогуу аттанып, бири мамлекетти, экинчиси өкмөттү башкарарын жар салган.
Мунун алдында президенттик шайлоо белгиленип, эки тарап тең шайлоого даярдыгын баштап, саясатчылар алардын тегерегине жыйнала баштаган эле. Феликс Кулов кийин “Азаттыкка” курган маегинде тандем түзүү сунушун Азимбек Бекназаров жолдогонун айтканы бар.
“Мени менен Азимбек Бекназаров байланышкан. Ал мага 14 жылдан бери Акаев башкарып келгенин, Бакиев башында турган революциянын негизинде мен түрмөдөн бошотулганымды айтты. Эгерде сиз альтернатива болуп чыксаңыз элди дагы экиге бөлүп алабыз, балким Бакиевге премьер-министр болосуз деди. Мен аларга силерден эч нерсенин кереги жок дедим. Бирок туруктуулук үчүн даярмын дедим”, -деп эскерген.
Курманбек Бакиев 2006-жылы “Коммерсантъ” гезитине маек куруп, тандемди “Кулов тараптан түшкөн сунуш” деп айткан.
Кулов башында эле бул тандемге Бакиев тарап олуттуу мамиле кылбаганын дагы айтканы бар.
“Бирок кийин мага Бакиевдин жакындары айтты, ошол тандем түзүлгөндө эле Бакиев “мен Куловду жакында кулатам” деп айткан экен. Акаев, Бакиев дегенде такай эле менин атым дагы кошо аталат, мен буга философиялык жактан эле карайм. Алар эмне болгонун баарыбыз билебиз да, ошол маалда мен алардын командасында болбой калганыма шүгүр дейм”.
Ошентип Бакиев-Кулов тандеми узак жашаган эмес. Тандемдин бузулушуна көптөр Бакиевди айыпташкан. Бирок Март ыңкылабы учурунда “темир генерал” катары зоболосу көтөрүлгөн Кулов тандемден кийин өкмөттү жетектеп, Кыргызстандын тышкы карыздарын ХИПК программасына кирүү аркылуу жеңилдетүү, президенттин иниси Жаныш Бакиевди Коопсуздук комитетине жетекчи орун басары кылып дайындоо демилгелери менен көптүн эсинде калган.
Бул тандем бузулганга чейин 2006-жылы Баш мыйзамды реформалоо талабы менен ошол кездеги оппозициялык “Реформа үчүн” кыймылы масштабдуу митингдерди өткөрүп, премьер-министр Кулов колдойт деп үмүт артышкан. 2007-жылы Куловду ошол кездеги парламент премьер-министрликке колдобой коет. Бакиев премьер-министрлик кызматка Куловдун талапкерлигин сунуштап, Жогорку Кеңеш эки ирeт өткөрбөй койгон. Ошол кезде айрым байкоочулар Куловдун талапкерлиги экинчи жолу добушка коюлган учурда президент Бакиев парламентке келбегенин белгилеп, анын жеңишине кызыкдар эместигин так далилдеп турат деп айтып чыгышкан.
Кулов ошондон кийин “Бириккен фронт” кыймылын түзүп, мыйзамсыз башкарууга каршы мөөнөтсүз акция уюштурган. Акыр соңу Бакиевдердин бийлиги кандай күчөп, аягы эмне менен бүткөнү жалпыга маалым.