Министрлик МИК салып жаткан үйдөгү мүчүлүштүктөр жоюлганын билдирди

Кыргызстандагы курулуштардын бири.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компания Каракол шаарында куруп жаткан көп кабаттуу үйдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу комментарий берди.

Мекеменин маалыматында турак жай шаардын Тоголок Молдо жана Кусеин Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жатат. Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы текшерүү жүргүзүп, курулуш талаптарына жооп бербеген газоблоктор буздурулду. Дубал курулуш ченемдери жана техникалык талаптарга ылайык калыбына келтирилди.

Бул факты боюнча подрядчы ишканага мыйзам чегинде тиешелүү көрсөтмөлөр берилгени айтылды.

10-февралда социалдык тармактарда Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн биринде чет өлкөлүк жумушчу газоблокту туура коюп, курулуш талаптарын бузуп жатканы тууралуу видео тараган. Бул мамлекет салып жаткан турак жайлардын сапаты боюнча маселени козгоду.

Ушул тапта Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстан боюнча бир катар кабат үйлөрдү куруп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт Таластагы дыйкандарды төө буурчактан башка да өсүмдүк өстүрүүгө чакырдыУкраина: Орусиянын соккусунан үч наристеси менен атасы каза таптыДепутат Кыдыралиев Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча кайрылуу кылып, бийликти биримдикке чакырдыИИМ кызматкерлери Бекболот Талгарбековду суракка алып кеткени кабарландыПрезидент министр Ибраевге жана агенттик директору Сабировго катуу сөгүш бергени белгилүү болдуПрезидент Жапаров Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий бердиЭкс-депутат Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары болдуКамчыбек Ташиев кызматтан алынганы күтүүсүз болгонун айтты