Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу кыска комментарий берип, бул чечимди “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
“Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: “Эң биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым”, - деди".
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматан бошотту.
Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.
Ал бул кызматка келгенден кийин коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш жарыялап, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Андан бери бир катар адамдар уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген кине менен кармалды.
Атайын кызмат жакында эле УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген.
Камчыбек Ташиев кызматтан алынышы тууралуу комментарий бере элек. (BTo)
Шерине