ЖК гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 12-февралдагы отурумунда гендердик теңчилик маселелерине байланышкан мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды. Эми ал кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.

Долбоорго 40тай депутат демилгечи болгон. Документ тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызмат орундарга гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылууну карайт. Анда бир жыныстагы адамдар 70% ашпаган деӊгээлде болушу керек.

Документти Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында экинчи окууда кабыл алган. Эми үчүнчү окууга киргизилет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Камила Талиева Кыргызстан Гендердик теңчилик боюнча эл аралык конвенцияга кошулганы менен иш жүзүндө милдетин аткарбай жатканын сындаган. Ал ушул тапта Министрлер кабинетине караштуу 22 министрдин бирөө гана аял, калганы эркек экенин айткан.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы өлкө гендердик теңдик жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30% кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.

Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын аздыгы көп жылдан бери талкууланып, өткөн парламенттик шайлоодо аялдар үчүн туруктуу квота киргизилген. Учурда Жогорку Кеңештеги 87 депутаттын 29у же 30% айымдар. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Талиева парламент төрагасы "чыңалган саясий кырдаалдын курмандыгы" болгонун айттыЗеленский 24-февралда шайлоо өткөрүү планы жок экенин билдирдиЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кеттиЭки депутаттык топ парламент төрагалыгына Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөттүДепутат Зулушев Ташиевди каралоо аракети болуп жатканын айттыПезешкиан Иран эл аралык инспекторлорду кабыл алууга даяр экенин билдирдиУКМК улуттук коопсуздук органдарынын ишин каралоо аракети болуп жатканын билдирдиЖапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды75 кишинин кайрылуусу: Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалды