Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди каралоо аракети жүрүп жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кеткени жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин айтты.
“Президенттин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да жөндөмүн, аракетин, пейилин, мамлекетчил экенин жакшы билебиз. Камчыбек Кыдыршаевич өзүн, үй-бүлөсүн, өмүрүн тобокелдикке салып мамлекет үчүн иш кылды. Бирок азыр мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар убакыттан пайдаланып ал кишиге жаман сөз айтуудан өйдө болушубуз керек”, – деди Зулушев.
Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин 12-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетти. Ал мындай чечимди акыркы саясий окуялар менен байланыштырып, арызды өз эрки менен жазганын айтты.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирди. (BTo)
Шерине