2025-жылы Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына Бишкектин №23 шайлоо округунан шайланып келген Марлен Маматалиев парламенттин спикери болуп шайланары айтылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги бир нече булактар билдирди.
Ушундай эле маалыматтар буга чейин да айтылып, Марлен Маматалиев аны четке каккан.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кете турганын 12-февралда билдирди. Мындай чечимди өзү кабыл алганын айтты. Ал депутат катары ишин уланта берет.
Эми спикерликке талапкерлер жазуу жүзүндө арыз берип, шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу болот.
44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.
Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Кийин өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылдагы “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап барып, мандатка ээ болгон. (BTo)
Шерине