Журналист Мамыркулова бир берене менен акталып, дагы бири боюнча күнөөлүү деп табылды

Журналист Канышай Мамыркулова адвокаттары менен. Бишкек шаардык соту. 30-январь, 2026-жыл.

13-февралда Бишкек шаардык соту журналист Канышай Мамыркулованын адвокаттарынын апелляциялык арызы боюнча өкүм чыгарды.

Шаардык сот журналистти Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен актап, “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Сот муну менен аны алты жылга кесип, үч жылдык пробация жазасын чегерди.

Адвокат Нурбек Сыдыков журналист эки айып менен тең акталышы керектигин, чечимге макул эмес экенин айтты.

2025-жылы 3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын берген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

51 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (DSh/BTo)

Дагы караңыз

Эки жылда тоо кен тармагына берилген 320 лицензия жокко чыгарылдыСаламаттык сактоо министрлиги Улуттук лабораториялык кызматын ачатСуусамырда көчкү алдында калган малчыны издөөгө 24 куткаруучу жөнөтүлдү75 кишинин кайрылуусу: Сот кармалган беш саясатчыны эки айга камакка алдыСадыр Жапаров Тургунбек уулунун отставкасы боюнча комментарий бердиПрезидент Жапаров Ташиевди кызматтан аларда өзүнө телефон чалганын айттыЖапаров УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери болсо чара көрүлөрүн айттыОрусия Украинага баллистикалык ракета жана “Шахед” дрондору менен жапырт сокку урдуМурдагы спикер тууралуу видео кайрылуу жасаган Сыргаков кармалды“Дөөлөт курулуш” компаниясынын эки объектиси мамлекетке өттү