Калың кардан улам Чаткалга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Чаткал. Архив.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди.

Министрликтин маалыматында Бишкек–Ош автожолунун 255–260-чакырымдарында (Пельменный, Элик тилкеси) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып, 13-февраль саат 12:00дө ачылды. Жабыркагандар жок. Токтогул районунун “Арал” постунда машинелердин бардык түрүнө улам чектөө киргизилүүдө.

Мындан тышкары Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автожолунда бир нече тилкеге кар көчкү түшүп, эки күндөн бери тазалоо иштери жүрүп жатат.

1-февралда саат 23:44 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал–Тогуз-Торо райондорунун аралыгындагы “Капчыгай” тилкесинин 275–290-чакырымдарында 11 участокко жалпы көлөмү 10 300 м³ кар көчкү түшкөн.

Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу кызматтары техникасы менен тартылып, жол бир тараптуу ачылды. 17 машине жүргүнчүлөрү менен коопсуз жайга чыгарылды. Ошондой эле 260-чакырымда кар көчкүдөн улам өтө албай калган беш жеңил автоунаанын жүргүнчүлөрү Казарман айылына жеткирилди. (BTo)

Дагы караңыз

Эркебаев президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Конституциялык соттун чечимин күтүүгө чакырдыЖурналист Мамыркулова бир берене менен акталып, дагы бири боюнча күнөөлүү деп табылдыЭки жылда тоо кен тармагына берилген 320 лицензия жокко чыгарылдыСаламаттык сактоо министрлиги Улуттук лабораториялык кызматын ачатСуусамырда көчкү алдында калган малчыны издөөгө 24 куткаруучу жөнөтүлдү75 кишинин кайрылуусу: Сот кармалган беш саясатчыны эки айга камакка алдыСадыр Жапаров Тургунбек уулунун отставкасы боюнча комментарий бердиПрезидент Жапаров Ташиевди кызматтан аларда өзүнө телефон чалганын айттыЖапаров УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери болсо чара көрүлөрүн айттыОрусия Украинага баллистикалык ракета жана “Шахед” дрондору менен жапырт сокку урдуМурдагы спикер тууралуу видео кайрылуу жасаган Сыргаков кармалды“Дөөлөт курулуш” компаниясынын эки объектиси мамлекетке өттү