Президенттин ЖКдагы өкүлү Абытов кызматтан кетип, ордуна Зулпиев келди

Бектур Зулпиев жана Алмасбек Абытов. Коллаж.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов кызматтан алынып, анын ордуна Бектур Зулпиев дайындалды. Алмасбек Абытов “Азаттыкка” ден соолугуна байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирди. Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу “Ынтымак ордо” азырынча комментарий бере элек.

59 жаштагы Алмасбек Абытов 2019-жылдан бери өкмөттүн, кийин президент менен аткаруу бийлигинин парламенттеги өкүлү болуп иштеп келаткан.

Ал эми 61 жаштагы Бектур Зулпиев мамлекеттик кызматка 1997-жылы келип, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) укуктук бөлүмүн башкарган. 2005-жылдагы Март ыңкылабынан соң президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин командасынын белдүү мүчөсүнө айланып, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына чейин Ак үйдө иштеген.

Бектур Зулпиев 2007-жылдагы конституциялык реформага активдүү катышкан. Ал учурда реформаны талап кылган оппозициянын бир нече жолку митингдерине карабай, Бакиевдин супер-президенттик бийлигин бекемдеген Баш мыйзам кабыл алынган.

Бектур Зулпиевдин аты 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин кабыл алынган толук президенттик башкарууга өткөн Конституцияга байланыштуу да аталган. 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Калың кардан улам Чаткалга өзгөчө кырдаал режими киргизилдиКазак прокуратурасы куудул Сабуровду "жалданмачылык" беренеси менен текшерет Орус армиясынын соккусу Краматорскиде үч бир туугандын өмүрүн алдыПрезидент Жапаров тажик өкмөт башчысы менен эки тараптуу кызматташтыкты талкууладыЖурналист Мамыркулова бир берене менен акталып, дагы бири боюнча күнөөлүү деп табылдыЭркебаев президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Конституциялык соттун чечимин күтүүгө чакырдыЭки жылда тоо кен тармагына берилген 320 лицензия жокко чыгарылдыСаламаттык сактоо министрлиги Улуттук лабораториялык кызматын ачат