АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Мүнхен коопсуздук конференциясына (MSC) катышуу үчүн Германияга барды. Учакка отурар алдында Мэриленд штатындагы Joint Base Andrews аскер базасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал дүйнө "бурулуш учурга" келгенин айтты.
"Дүйнө биздин көз алдыбызда абдан тез өзгөрүп жатат. Эски дүйнө жок болду, ачыгын айтканда, мен чоңойгон дүйнө жок болду. Азыр биз геосаясатта жаңы доордо жашап жатабыз жана бул ар бирибизден бул доор кандай экенин жана анда биздин ролубуз кандай болорун кайрадан карап чыгышыбызды талап кылат", — деди Рубио.
Ал 14-февралда Мүнхенде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу мүмкүн экенин, бирок мындай ыктымалдык 100% так эместигин кошумчалады.
Коопсуздук конференциясынын уюштуруучулары быйыл тарыхтагы эң ири иш-чара болорун билдиришти. Ага 1000ден ашык делегат, анын ичинде 50гө жакын өкмөт башчылары жана жогорку даражалуу дипломаттар катышууда.
Конференция дүйнөлүк чыңалуу күчөп турган учурда өтүп жатат. Тактап айтканда, АКШ-Иран тиреши, Орусия Украинага каршы согуш ачканынын төрт жылдыгы, НАТО трансатлантикалык альянсынын келечеги боюнча чыңалуу күчөп турган маал.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц конференцияны расмий ачып, талкууларга багыт берет. Ал акыркы сөздөрүндө Европа өз аскердик мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшү керектигин баса белгилеген.
"Биз күч саясатынын тилин үйрөнгөндө гана жана өзүбүз европалык күчкө айланганда гана үнүбүз угулат", — деген ал январда.
Рубиону Мүнхенге АКШ Сенатынын эки партиядан турган чоң делегациясы коштоп барды. Алар Зеленский, НАТО башчысы Марк Рютте жана башка расмий адамдар менен жолугушууну пландаштырууда.