Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 13-февралда билдирди.

Маалыматта жол тейлөө ишканалары унаа жолундагы жана ашуулардагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кар тазалап, инерттик материалдарды себүүдө.

Министрлик кандай кырдаал болбосун, айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырды.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-февралга чейин өлкөнүн тоолуу аймактарында жаан-чачын жаап, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскерткен. Жолдор тайгак болуп, муз тоңорун белгилеп, буга байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоого чакырган.

Дагы караңыз

Мелания Трамптын жардамы менен Орусиядан украиналык беш бала мекенине кайтарылдыРубио дүйнө "тагдыр чече турган маанилүү учурда" экенин айттыПрезиденттин ЖКдагы өкүлү Абытов кызматтан кетип, ордуна Зулпиев келдиКазак прокуратурасы куудул Сабуровду "жалданмачылык" беренеси менен текшерет