Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Мелания Трамптын жардамы менен Орусиядан украиналык беш бала мекенине кайтарылды

Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская жана Американын биринчи айымы Мелания Трамп.
Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская жана Американын биринчи айымы Мелания Трамп.

Украинага Орусиядан беш бала кайтарылды, ал эми бир бала Киевден Москвага жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белова билдирди. Анын айтымында, үй-бүлөлөрдү кайра бириктирүү процесси АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын координациясынын жана катышуусунун натыйжасында тездеди.

"Балдарды үй-бүлөлөрү менен кайра бириктирүү ишин берилгендик менен жүргүзгөнү жана активдүү катышуусу үчүн АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка ыраазычылык", — деп айтылды билдирүүдө.

Ак үй да Мелания Трамп балдарды кайтаруу жараянына катышканын ырастады. АКШ президентинин администрациясы балдарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын тактады.

"Мен бул жаңжал шартында көчүрүлгөн балдарды кайтаруу боюнча Орусия менен Украинанын аракеттерин жогору баалайм. Бардык тараптар кызматташып жатканына жана байланышыбыз активдүү бойдон калганына карабастан мен Орусия менен Украинаны ар бир баланы үй-бүлөсүнө коопсуз кайтаруу үчүн аракетин күчөтүүгө чакырам", — деп билдирди АКШнын биринчи айымы.

Украина азырынча бул маалыматты расмий ырастай элек.

2025-жылдын 2-июнунда украин делегациясы Стамбулда Орусияга күч менен көчүрүлгөн балдардын тизмесин тапшырган. Анда 339 фамилия көрсөтүлгөн. Save Ukraine кайрымдуулук уюмунун негиздөөчүсү Николай Кулеба «Настоящее время» телеканалына толук масштабдуу баскынчылык башталгандан бери анын ыктыярчылары Орусиядан болжол менен 700 украиналык баланы кайтарууга жардам бергенин айткан.

Анын сөзүнө караганда, 339 бул Киев так жайгашкан жерин билген балдар гана.

"Интернаттарда, балдар үйлөрүндө же убактылуу үй-бүлөлөргө жайгаштырылган жетим балдардын саны болжол менен төрт миңге жетет",- деп белгилеген Кулеба.

2023-жылдын июль айында Мария Львова-Белова Орусиянын ар кайсы аймактарында 700 миңден ашык украиналык бала катталганын билдирген. Ошол эле жылы Эл аралык кылмыш соту Львова-Белованы жана Владимир Путинди камакка алуу ордерин чыгарган. Алар Украинадагы орус армиясы басып алган аймактардан балдарды мыйзамсыз депортациялоого шектелүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG