Казакстандык фигурист Михаил Шайдоров Олимп чемпиону болду

Михаил Шайдоров ортодо.

Казакстандык фигурист Михаил Шайдоров Миландагы кышкы Олимп оюндарында алтын медалга ээ болду. Ал эркектер арасындагы жеке программада 291,58 упай топтоп, башка атаандаштарын артта калтырды.

21 жаштагы алматылык фигурист муз үстүндө мекендеши, казак ырчысы Димаш Кудайбергендин ырынын коштоосундагы бийди аткарды.

Михаил Шайдоровдун жеңиши бул спорт сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз болду. Себеби мелдеш алдында бул программада америкалык Илья Малинин жага жапониялык Юма Кагияма эң күчтүү атаандаштар катары сыпатталып жаткан.

Жыйынтыкта америкалык фигурист өтө көп ката кетирип сегизинчи гана боло алса, Кагияма күмүшкө татыды, коло медалды дагы бир жапон спортчусу Сюна Сано жеңди.

Шайдоровдун жеңиши Казакстандын спорттун бул түрүнөн алгачкы алтын медалы болуп калды. Буга чейин 2014-жылдагы Сочи олимпиадасында маркум фигурист Денис Тен коло медал уткан эле.

Дагы караңыз

Суусамырдагы кар көчкү: издөө иштери 14-февралда да уланатОрусияда көп батирлүү үйлөрдө чогулуп намаз окууга тыюу салуу сунушталды АКШ сейрек металл базарында Казакстанды Кытайга альтернатива катары көргүсү келетОрус армиясынын соккусу Краматорскиде үч бир туугандын өмүрүн алды