АКШ Индиянын мунай иштетүүчү Reliance Industries Ltd компаниясына Венесуэланын мунайын түз сатып алууга уруксат берген лицензия берди. Бул тууралуу Reuters агенттиги эки булагына шилтеме кылып билдирди.
Reliance компаниясы лицензияга өтүнүчтү январдын башында берген. Документ Венесуэлада өндүрүлгөн мунай жана мунай заттарын сатып алууга, сатууга жана экспорттоого уруксат берет. Венесуэла мунайын түз сатып алуу аталган компанияга Орусиядан алууга караганда экономикалык жактан пайдалуу болорун, анткени Каракастын мунайы арзандатылып сатыларын булактардын бири маалымдаган.
Февралдын башында АКШ президенти Дональд Трамп Индия мунайына 25% төлөмдү жокко чыгарган жана Нью-Дели АКШдан жана Венесуэладан мунай сатып алса болорун билдирген.
2025-жылдын орто ченинде Орусиядан Индияга экспорттолгон мунайдын көлөмү суткасына эки млн баррелге жеткен. Reuters индиялык мунай иштетүүчүлөр Орусиянын мунайын алуудан апрелде баш тартарын жана бул узакка созулары ыктымалдыгын белгиледи.
Мунай иштетүүчү жана сатуучу тармактардагы булактар бул кадам Нью-Делиге Вашингтон менен соода келишимин түзүүнү шарттай турганын айтууда. Февралдын башында Кремлдин өкүлү Орусиядан бул тууралуу маалымдама албаганын билдирген.
Reliance мурда венесуэлалык мунайды такай сатып алып келген, бирок 2025-жылдын башында АКШ санкциясынан улам токтотууга мажбур болгон. Компания суткасына 1,4 млн баррел мунай иштетүүчү эки заводду башкарат.
Маалымат агенттигинин эсебине караганда, Орусиянын мунайдан жана газдан кирешеси январь айында эң төмөнкү чекке - 2020-жылдын августундагы пандемия учурундагы 405 млрд рубль деген көрсөткүчкө түшкөн. Жалпы жылдык киреше 8,44 трлн рублге түшөт деп болжолдонууда. Буга рублдин куну бекемделиши жана мунайдын арзандашы себеп болору айтылууда. Былтыр ноябрда орус мунайы октябрга караганда 17,1% арзандаган.
АКШ мындан тышкары Орусиянын ири мунай компаниялары - "Роснефт" жана "Лукойлду" санкциялык тизмеге киргизген. Президент Дональд Трамп бул санкциялар Орусиянын Украианадагы согушуна чекит коет деген үмүтүн билдирген.
"Биз Украинадагы согуш аягына чыгат деп үмүттөнөбүз", -деген Трамп.
Санкциялар Орусия мунайынын болуп көрбөгөндөй арзандашына алып келди, ошондой эле "Лукойлдун" чет жактардагы активдерин коркунучка кептеди.
Орус мунайынын негизги керектөөчүлөрү - Кытай жана Индиянын мунай иштетүүчүлөрү жаңы тендерлерден орус мунайын чыгара башташты.
2025-жылы орус президенти Владимир Путин Трамп менен Аляскадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ тараптан орусиялык мунай компанияларына карата жаңы санкцияларды күтпөгөнүн айткан.
Мунай жана газ кирешеси Орусия бюджетинин негизги булактары болуп саналат.