Суусамырда кар көчкү алдында калган малчыны издөө уланууда

Көчкү алдында калган малчыны издөө. Суусамыр. 14-февраль, 2026-жыл.

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагындагы Бороондуу жайлоосунда көчкү басып калганы айтылып жаткан малчыны издөө 14-февралда да уланды. Издөө ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 24 куткаруучусу, айыл аймактан 28 адам, 1 милиционер жана ыктыярчылардан кошулуп, жалпы 55 адам чыкты.

Көчкү алдында калган малчыны издөө 13-февралда түнкү саат 3:00дө башталган. Ал күнү куткаруучулар он баш койдун тарпын табышкан.

12-февралда 59 жаштагы Д.А. аттуу малчыны 50 баш кою жана бир аты менен көчкү басып калганы тууралуу маалымат түшкөн. 13-февралда түнү 24 куткаруучу кырсык болгон жерге жөнөп кеткен.

ӨКМ 11-13-февраль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскерткен.

Министрлик калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

№13 округдан шайлоого катышып жаткан талапкерлер БШКнын чечими боюнча пикирин билдирүүдөТоругарттан Казарманга жаңы жол куруу каралуудаКеминде тергөө кызматынын башчысы "кылмышты жашырган" деген шек менен кармалдыКазакстандык фигурист Михаил Шайдоров Олимп чемпиону болдуМүнхен конференциясы: Өзгөргөн дүйнө, "кыр көрсөткөн" саясат