Зеленский АКШ Украинага 15 жылдык коопсуздук кепилдигин сунуштаганын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ Украинага 15 жылдык коопсуздук кепилдигин берүүнү убада кылганын, бирок Киев бул процесс андан да узак мөөнөткө созулушу керек деп эсептерин айтты.

Би-Би-Си ал Мүнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда АКШ сенаторлору менен келишимди талкуулаганын жазды.

“Биз инвесторлор үчүн кыйла натыйжалуу болушу үчүн берилчү коопсуздук кепилдиктеринин мөөнөтүн арттырууну абдан каалайбыз. Жакында эле инвесторлор жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу болду, алар үчүн беш, он жылдан ашык убакытка созула турган кепилдиктер керек", - деди Зеленский.

“Бүгүнкү күндө бизде Америка тараптан 15 жылга берилген сунуш бар. Биз 20 жылдан ашуун – 30, 50 жылдык мөөнөттү каалайбыз. Американын администрациясы менен Конгресси буга канчалык деңгээлде макул болот, аны көрөбүз”, - деди украин лидери.

Мүнхендеги конференция алкагында Зеленский АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушканы белгилүү болду. Анда тараптар согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана Украинага берилчү коопсуздук кепилдиктерин талкуулаган.

Украинадагы согушту токтотуу боюнча кийинки сүйлөшүүлөр 17–18-февралда Женевада өтөт. Бул жолугушуу тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, анын алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский да ырастаган.

Politico басылмасынын булактары мүмкүн болгон аянтча катары Абу-Даби же Майамини аташкан, Женева айтылган эмес. Кремль буга чейин Швейцариянын нейтралдуулугунан күмөн санарын билдирген.

Дагы караңыз

Орусияда көп батирлүү үйлөрдө чогулуп намаз окууга тыюу салуу сунушталды Кытайдын ТИМи: Европа Украина боюнча сүйлөшүүлөргө катышуусу керек№13 округдан шайлоого катышып жаткан талапкерлер БШКнын чечими боюнча пикирин билдирүүдөБашкы прокурордун орун басарлары алмашты