Чаткалдагы абал: көчкү тазаланып, жол бир жактуу ачылды

Чаткал. Архив.

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолундагы Чапчыма жана Красная Горка – Ак-Таш жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол жеңил унаалар үчүн бир тараптуу ачылды.

Чаткал райондук администрациясынын мындай чечими 15-февралда эртең менен чыкты.

Ага ылайык, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн “Бузук” аймагындагы постто кармалып турган жеңил автоунаалар кезек-кезеги менен өткөрүлөт. Ал эми көчкүнү тазалап, жолду кеңейтүү иштери аяктаганга чейин жүк ташуучу автоунааларга өтүүгө тыюу салынат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргенин билдирген.

Министрликтин маалыматында Бишкек–Ош автожолунун 255–260-чакырымдарында (Пельменный, Элик тилкеси) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып, 13-февраль саат 12:00дө ачылган. Жабыркагандар жок. Токтогул районунун “Арал” постунда машинелердин бардык түрүнө улам чектөө киргизилүүдө.

Мындан тышкары Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автожолунда бир нече тилкеге кар көчкү түшкөнү кабарланган.

Дагы караңыз

Дайырбек Орунбеков соцтармактарда Ташиевди каралоо жүрүп жатканын билдирди Орусияда маянасын ала албай жүргөн кыргызстандык 66 мигранттын акчасы төлөнүп берилдиМайыптыгы барларды караган ассистенттер камсыздандыруу полисин сатып алуудан бошотулдуӨкмөт лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдатууну сунуштады