Украинанын мурдагы энергетика министри арам акчаны адалдоого шектелүүдө

Украинанын мурдагы энергетика министри Герман Галущенко.

Украинанын мурдагы энергетика министри Герман Галущенко арам акчаны адалдоого жана кылмыштуу уюмга катышуу боюнча шектелүүдө.

Бул тууралуу 16-февралда Украинанын Атайын антикоррупциялык прокуратурасы (САП) жана Улуттук антикоррупциялык бюросу (НАБУ) Telegram аркылуу билдиришти.

Тергөө маалыматына ылайык, 2021-жылдын февралында Британияга караштуу Ангилья аралында болжол менен 100 миллион доллар инвестиция тартууга тийиш болгон фонд катталган. Фондду Сейшел аралдарынын жана Сент-Китс жана Невис мамлекеттеринин жараны жетектеген. Ал кирешелерди адалдоо боюнча кесиптик негизде кызмат көрсөтүп келген адам экени айтылат.

Фонддун инвесторлорунун арасында, тергөө маалымдагандай, Галущенконун үй-бүлөсү да болгон. Тактап айтканда, анын мурдагы жубайы жана төрт баласы Маршалл аралдарында түзүлгөн компаниялардын бенефициарлары болуп саналат. Бул компаниялар Сент-Китс жана Невисте катталган трасттын түзүмүнө киргизилген.

"Бул компаниялар фонддун “инвесторлоруна” айланган (анын акцияларын сатып алуу аркылуу), ал эми кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү шектүүнүн кызыкчылыгы үчүн Швейцариядагы үч банктан ачылган фонддун эсептерине каражаттарды которуп турушкан", - деп айтылат САПтын басма сөз билдирүүсүндө.

Тергөө версиясына ылайык, Галущенко министр болуп турганда анын ишенимдүү "Рокет" деген каймана ат менен белгилүү адам аркылуу кылмыштуу уюм энергетика тармагындагы мыйзамсыз ишмердүүлүктөн 112 миллион доллардан ашуун накталай каражат алган. Шектүүнүн үй-бүлөсү тескеген фонддун эсептерине 7 миллион доллардан ашуун каражат которулган. Андан тышкары 1 миллион швейцариялык франктан ашуун жана 2 миллион евродон көбү накталай берилген же Швейцарияда түздөн-түз мурдагы министрдин үй-бүлөсүнө которулган.

"Каражаттын бир бөлүгү Швейцариядагы абройлуу окуу жайларда балдардын билим алуусуна төлөнүп, бир бөлүгү мурдагы жубайынын эсептерине жайгаштырылган. Калганы депозитке салынып, андан түшкөн кошумча киреше жогорку кызматтагы аткаминердин үй-бүлөсү тарабынан жеке муктаждыктарга пайдаланылган", - деп билдиришти антикоррупциялык прокуратурада.

Галущенко 2021-жылдын апрелинде Украинанын энергетика министри болуп дайындалган, 2025-жылдын июлунда юстиция министри кызматына өткөн. Ал кеткенден кийин Энергетика министрлигин Светлана Гринчук жетектеген. 2025-жылдын ноябрында Украинанын Жогорку радасы "Энергоатом" компаниясынын жана ишкер Тимур Миндичтин айланасында чыккан коррупциялык чырдан улам экөөнү тең кызматтан кетирген.

Миндич өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кийин журналисттер аны Израилден табышкан. Схема ашкереленгенден кийин Зеленский ага карата санкция киргизген.

"Энергоатом" ишинин алкагында Украинанын мурдагы вице-премьери Алексей Чернышев эки айга камакка алынган. Мурдагы коргоо министри, азыркы Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров суракка алынган. Ал эми Украинанын президенттик кеңсесинин мурдагы башчысы Андрей Ермактын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Көп өтпөй Ермак кызматтан кетүү тууралуу арыз берип, аны президент кабыл алган.

Дагы караңыз

"Кыргыз мунай компаниясынын" жетекчиси алмаштыЭки жумадай коомчулукка көрүнбөй калган Рахмон Кытай лидерине видеокуттуктоо жолдодуПольшанын президенти улуттук өзөктүк долбоор куруу демилгесин колдоду