Польшанын президенти Кароль Навроцкий Polsat News телеканалына курган маегинде "Польшанын өзөктүк долбоорго кошулушун колдорун" айтты.
Эл аралык туруксуздук жана коопсуздук жаатындагы белгисиздиктин өсүп жатканын белгилеген Навроцкий Польша бул багытта ишти "бардык эл аралык нормаларды сактоо менен" баштоого тийиш экенин билдирди.
АКШ Варшавага мындай жолго түшүүгө уруксат береби деген суроого Польша Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимдин катышуучусу экенин эске алуу менен бирге бул багытта алдыга жыла берүү зарыл экенин белгиледи.
"Биз куралдуу жаңжалдын босогосунда турган өлкөбүз. Орусиянын Польшага карата агрессивдүү, империялык мамилеси жакшы белгилүү", - деди президент.
Москва Польшанын өзөктүк программасынын пайда болушуна кандай реакция кылышы мүмкүн деген суроого Кароль Навроцкий "Орусия каалаган нерсеге агрессивдүү реакция кылышы мүмкүн" деди.
2025-жылдын жазында Польшанын мурдагы президенти Анджей Дуда АКШны Орусиянын агрессиясын ооздуктоочу фактор катары өзөктүк куралды өлкө аймагына жайгаштырууга чакырган.
Польша коргонууга ички дүң өнүмүнүн дээрлик беш пайызын жумшайт жана Евробиримдиктин SAFE программасы боюнча коргонуу насыяларын эң көп алган өлкө болуп саналат.
2025-жылдын 10-сентябрында орус армиясынын Украинадагы объекттерге жасаган түнкү чабуулу учурунда Польшанын аба мейкиндигине 19 орус дрону кирген. Польша Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам командачылыгы муну "жарандардын коопсуздугуна реалдуу коркунуч жараткан агрессия актысы" деп баалаган. Эртеси күнү Польша НАТОго кошумча абадан коргонуу системаларын жана дрондорго каршы технологияларды берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Шерине