“Украинаны жаңылыктардан көрүп жүрөгүм ооруйт". Ысык-Көлдү жердеген украиндер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ысык-Көлдүн Түп районундагы Михайловка айылын ХХ кылымдын башында көчүп келген украиндер түптөгөн. Кыргызстандын аймагында Орус империясынын учурунда, кийин совет доорунда отурукташкан жүз миңден ашык украин улуттундагылар жашаган. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки мезгилде украиндер жапырт көчүп кетип отуруп, учурда он миңге жептеген украин жашайт. “Данисте” өздөрүн кыргыз коомунун бир бөлүгү катары санаган украиндер тууралуу баяндайт.