Доордун каармандары, элдин эс тутумунда бекем сакталып калган тарыхый окуялар болот. Ошол окуяларга кандай баа беребиз, тарыхый инсандардын саясий бейнесин кантип түзөбүз? Кыргызда мемуар жазгандар болдубу?
“Куугунтук курмандыктары” подкастында дүйнөдө кеңири жайылган саясый жана тарыхый бейне түзүү, мемуар жазуу, анын тарыхка салымы тууралуу жазуучу, академик Осмонакун Ибраимов менен маек курабыз.
Осмонакун Ибраимов
- Саламатсызбы. Соңку жылдары орусиялык “Жаш гвардия” басмаканасы салттуу чыгарып келген “Өмүрү өрнөк инсандар” сериясынан сиздин үч китебиңиз - Турдакун Усубалиев, Чыңгыз Айтматов, Жусуп Абдрахманов тууралуу жарык көрдү. Бул сериянын тарых-таржымалы өзүнчө узун кеп эми. Сизге чейин ушул серия менен китеп чыгарган кыргыз авторлору болгон эмес. Басма үйү менен кантип кызматташып калдыңыз?
- "Жаш гвардия" басма үйү менен электрондук дарегине кат жазып, байланышып калдык. Алгач Айтматов тууралуу чыгарбадымбы. Басма үйүнөн"демөөрчүңүз барбы?" деп сурашты. Андан кийин "жазгандарыңыз болсо жөнөтүңүз" деди. Ошентип кызматташып калдым. Биринчиден, бул кишилер тарых жасаган адамдар, улуу инсандар. Жусуп Абдрахмановдун мууну биздин биринчи саясатчылардын кагортасы. Эгемендиктин башатында мына ушулар турду. Анан ушулар жөнүндө кантип жазбай коебуз. Окумуштуу катары, жазуучу катары айтаар элем Советтер Союзу бул өтө кызыктуу тарых да. Бул тууралуу биз эле эмес дүйнөлүк тарыхчылар жазат. Биз социалисттик системада 73 эле жыл жашадык. Бирок абдан кызыктуу учурлар өттү.
- Триумф дагы, трагедиясы дагы болду дейсизби?
- Ооба, трагедиясы, триумфу да болду. Акыры он беш союздук республика өз алдынча мамлекет болду.
-Сиз жазып жаткан инсандар, маселен Айтматов деле өзүңүз айткандай бир доордун символу болуп калды.
- Доордун символу болуп калган кишилер да. Анан жүгүн тарткан кишилер.
- Кыргызда аттуу-баштуу кишилер жөнүндө жазганда окурмандар арасында сын пикирлер болуп калат. Бир жактуу эле мактай берет дегендер бар. Тарыхый инсандар жөнүндө жазганда, саясий портрет түзгөндө эмнелерди эске алышыбыз керек?
- Менимче, биринчиден чындыкты жазыш керек. Эң негизги ушул да. Анан биз көбүртүп-жабыртып, асман-айга теңегенбиз туура эмес. Мисалы, мына Турдакун Усубалиев тууралуу китебимде ушуну кармандым. Билесиңер, Турдакун Усубалиев тууралуу эл арасында көп сөз бар эмеспи. “Султан Ибраимовду өлүмүнө тиешеси бар экен” дегендей сөздөр айтылып жүргөн. Ошолордун баарын жаздым, болгонун жаздым. КГБ документтерин карап, болгонун болгондой жазышка аракет кылдым. Турдакун Усубалиевич адам катары, инсан катары кандай болгонун, кемчиликтерин дагы жазып өттүм. Мисалы, Турдакун Усубалиевич бирөөнү жаман көрсө, оңой менен кечирген эмес. Мүнөзү ушундай болуптур да.
Жусуп Абдрахмановду айта турган болсом, бул таң калаарлык киши. Кантип ошол кезде же университетте окубай, жакшы бир окуу жайын бүтпөй туруп өтө билимдүү болгону мени таң калтырат . Тузем мектебинен келип, анан Алматыда аскер кызматында болуп, жарандык согушка катышып жүрүп орус тилин үйрөнүп алганы, ушунчалык илим-билимдүү болгону тан калтырат. Дүйнө таанымы мыктылыгынан еврей кызы Мария Натансонду ашык кылды да...
- Жусуп Абдрахманов тууралуу китебиңизде бул жагын жакшы бериптирсиз. Адатта тарыхый инсан тууралуу жазганда көп учурда ал мекенден башканы сүйбөгөндөй сүрөттөйт эмеспизби...
- Абдрахмановдун инсан катары, тарыхый фигура катары чыныгы портретин ачып турган учур - Натансон менен болгон мамилеси, Лилия Брик менен байланышы. Дагы бир учур - анын Сталинге болгон мамилеси. Өтө сынчыл көз караш менен караган. Ошол кезде өз алдынча ойлонуп, "бул саясат туура эмес болуп жатат", "айыл чарбасы туура эмес кетти" деп түйшөлөт. Мындай ой жүгүрткөнү анын улуулугу. 1933-жылы Москвадан келген Сталиндин буйругун аткарбай коюп, элди ачарчылыктан сактап калган. "Элдин эгин-тегинин алып алсак, малын жыйнап алсак кандай күн көрөт. Баягы Үркүн кайра келеби?" деген эле чочулоодон ушундай чечим кабыл алса керек. Колундагысын тең бөлүп жеген топуктугу менен кыргыздар миңдеген боордош казактарды аман сактап калышкан. Ошонун башында турган киши Жусуп Абдрахманов.
- Саясий бейне түзгөндө ошол доор кошо сүрөттөлүшү керек турбайбы?
- Ар бир тарыхый инсан өз доорунун күзгүсү сыяктуу. Доордун карама-каршылыктары, оош-кыйыштары сөзсүз ошол тарыхый инсандын бейнесинде, жүрүм-турумунда чагылат. Мисалы, Чыңгыз Төрөкулович деле ошондой адам болгон. Трибуналардан партиянын сөзүн сүйлөп, Борбордук Комитетти, Кремлди мактап эле жүргөн. Бирок чыгармасында чыркыраган чындыкты жазган. Советтер Союзунун идеологиясындагы мүчүлүштүктөр, туура эмес багыттарды ашкерелеп жазып олтуруп, акырында маңкурт деген образга келип такалган. Анан акыркы чыгармасы дагы таң каларлык, "Тоолор кулаганда" деп жазып жатат. Эми тоо деген сөз албетте, сөздүн тике маанисинде эмес. Гигант мамлекет Советтер Союзу, ошол тарыхый доордун талкаланышын метафора түрүндө айтып жатпайбы.
- Абдрахманов тууралуу эмгегиңизде параллелдерди келтирип, 1916-жылдагы Үркүнгө токтолуп жатасыз. Турар Рыскуловдун айткандары, Мамдумадагы талкууларды келтирген экенсиз. Архив, стенограммаларды карап чыктыңызбы?
- Сөзсүз да, илгери эле карагам. Анан калса Думадагы протокол китепке жарыяланган. Ошол кезде кыргыздардын трагедиясы Думада көтөрүлүп, Керенскийнин докладынан кийин "Эмне деген маскарачылык! Биздин орус армиясы ушундай курал-жарагы жок элди кырганга эле күчү жетип калдыбы? Бул жактагы согушту жеңбей кыргыздарды кырып жатабызбы" деген сөздөр айтылган. Керенский Мамдума түзгөн комиссияга жетекчилик кылып, Ташкентке чейин поезд менен келген. Жыйнаган материалдарынын негизинде 1916-жылдын 15-декабрында Мамдумада чоң доклад менен чыгып сүйлөп, орус жазалоо отряддарынын кылмыштарын ачыкка чыгарган. Депутат Шингарев деген катуу реакция кылган. Эми 1916-жылды Жусуп Абдрахманов байланыштырбай туруп кантип жазууга болот? Ал бул трагедиянын түздөн-түз күбөсү.
Дагы караңыз 1916-жыл: Керенский жана кыргыздар- Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн мемуар деп айта алабызбы?
- Мемуар дегенди бизде кимдир бирөөнүн автобиографиясын жазганын түшүнүшөт. Жок, бул өтө татаал жанр. Мемуаристика жанрын айта турган болсок, кыргыздардагы эң баалуу эки нерсени билем. Биринчиси - дал ошол сиз айтып жаткан Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү. Бул тарыхый документ. Ошол кездеги мамлекеттик чоң кызматта турган киши көргөн-билгенин, башкаларга айтпай турган сырларын күндөлүгүнө ачык жазган. Мемуардын накта мыкты үлгүсү деп айтышыбыз керек да. Чынында ал күн сайын жазып турган. Экинчиси - жазуучу жана котормочу Узакбай Абдукаимовдун жазганы. Бул киши Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, капитан наамына жеткен. Аскердеги күндөрүн күндөлүк кылып жазган. Абдукаимовдун “Күндөлүктөрү” табылып, өзүм баш сөзүн жазып, китеп болуп жарыяланды. Советтик армия Кенигсбергге жетип, Чыгыш Европаны эми аралаганда Узакбай Абдукаимов биздин аскерлердин жергиликтүү элге жырткычча мамиле кылганына кейип жазган. Ал негизинен орусча жазыптыр. Өзү абдан талантуу котормочу, кыйын киши болгон. Ошо кыйындыгынан Чыңгыз Айтматовду чакырып алып, ата-тегин сурап, баланын таланттуу экенин билип, колунан келишине жардам берген. Узакбай Абдукаимовдун жерлиги Сузактан.
- Демек, кыргыздардан мемуар жанрындагы ушул эки эмгекти жогору баалайт турбайсызбы?
- Булардын маани-мазмуну өтө күчтүү. Анан эми жакында дагы бир жакшы мемуарды окудум. Жамин Акималиев китеп жазды, "Жүрөгүмдү жылыткан жылдар" деген аталыш менен чыкты. Өтө жакшы жазды. Бул киши өзү сабаттуу, билимдүү киши, жакшы жазган. Мен өзүм мемуар эми бар жазайын деген оюм жок. Бирок эгемендиктин алгачкы жылдарында болгон оош-кыйыштар, эгемендикти айрымдар жөн эле талап-тоноо катары түшүнгөнү, анын маанисин билбегени, кээ бирлер каршы болгону. ушул жөнүндө сөзсүз жазыш керек. Муну албетте, жазайын деген оюм бар. Жазбасак болбойт. Себеби, кийинки муундар билиши керек.
- Турдакун Усубалиев жөнүндө жазганыңызды жогоруда учкай айтып өтпөдүңүзбү? Дүйнөдө ушундай саясий мурасы талаштуу болгон ишмерлер болот. Айталы, Англияда деле Маргарет Тэтчер тууралуу карама-каршылыктуу пикирлер көп эмеспи. Анын сыңарындай Кыргызстанда дагы Турдакун Усубалиев тууралуу ар кандай кеп-сөздөр айтылат. Бул ишмер тууралуу эмгекти канчалык калыс жаза алдым деп ойлойсуз?
Турдакун Усубалиев ( 1919 - 2015), мамлекеттик жана саясий ишмер
- Апологет деп коет эмеспи, бир кишини сөзсүз эле жактап-мактап жазуу. Менде андай ниет болгон жок. Болгонун болгондой жаздым деп айтым го жогоруда. Бул киши күрөшчүл (боец) болгон. Эч качан чөгүп, үшүкүрүп жатып калган эмес. Чоң кызматтан төмөн жакка түшүп, өзү өстүргөн кадрлар кабыл албай койгон. Телефон чалса жооп беришкен эмес. Кокус билбей телефонун көтөргөн болсо, таштай коюп, андан качышкан. Анан сунуш кылган кызматы Балаарычылар коомуна барып иште дегенби, кыскасы эң төмөнкү кызматты уялбай сунушташкан экен. Китепте ошону дагы жаздым. Ал киши мемуар жазган жок. Бирок улуу киши экенин ушундан билиңиз, жети томдук китеп даярдады. Ошонун ичинде бир тому, өтө тарыхый мааниге ээ. Анда ошол кызматтан кетип жаткан мезгилин ачык жазган.
Түгөлбай Сыдыкбеков менен болгон полемикасын, Султан Ибраимов жөнүндө. Анан кийин деле бул кишиге асылгандар көп болгон да. Негизи Усубалиевге асылбаган эч киши калган эмес.
- Баса, ошол Усубалиев тууралуу китебиңизде Түгөлбай Сыдыкбековго кенен токтолуп, аны ошол доордун диссиденти катары жазган экенсиз...
- Эми Усубалиев жөнүндө китеп жазам деген киши анын Сыдыкбеков менен болгон полемикасын аттап өтүшү мүмкүн эмес.
Усубалиевдин чындыгы эмне болгон? Сыдыкбековдун эмнеси туура эле? Ушуларга токтолуп жаздым. "Султан Ибраимов киши колдуу болгонбу?" деп мен деле ойлончумун. Ошондуктан китепте буга дагы астейдил токтолдум. Өзүмө деле аныгын билгим келди. Бирок ал кезде ошончолук деңгээлдеги кишини өлтүрүш КГБ, ЦРУнун деңгээлиндеги же Мексикада качып жүргөн Троцкийди өлтүргөндөй атайын операция болушу керек го дейм. Усубалиев ал кезде андайга бара алмак эмес. Дароо эле бети ачылмак. Себеби бул иш Андроповдун деңгээлинде иликтенген экен.
Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбеков. Архив сүрөт.
- Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу жазганда "акыры келип эгемендүү Кыргызстанга ак батасын берүү вазыйпасы өзүнөн өзү ушул кишиге жүктөлүп, алдыңкы планга чыкканын" жазып жатпайсызбы. Кийин эгемендик жылдары Усубалиев менен Сыдыкбековдун мамилеси кандай болду?
- Усубалиев менен Сыдыкбековдун мамилеси эч качан оңолгон жок. Биринчиден, Түгөлбай Сыдыкбеков аны кечирип же бир нерсе дегенге даяр эмес болчу. Ал киши жаман көргөн боюнча өтүп кетти. Жаман көргөн боюнча Турдакун Усубалиев өтүп кетти. Себеби булардын талашы өтө олуттуу талаш эле да. Түгөлбай Сыдыкбековдун койгон мамилеси - кыргыз тилин өнүктүрүү болду. Эми анын айтканы, жазгандары туура, албетте. Бирок экинчи жагынан ошол кездеги саясий конъюнктура, ошол кездеги саясий система, советтик тоталитардык система дегенди дагы эске алыш керек. Бул жерде "Т..Усубалиев кыргыз тилине каршы болгон" дегенге эч кандай негиз жок. Себеби, Усубалиевдин учурунда, анын заманында кыргызча эмне деген гана китептер чыкты. Адабий чыгармалар, маданият гүлдөп өстү. Айтматовдун доору ушул Усубалиевдин заманында болду. Башка жазуучулар чыкты.
- Айрым тарыхчылар ошол заманда Кыргызстандын борбор калаасында кыргыз тилдүү мектептер жокко эсе болгонун жазып жүрүшөт. Демек, Сыдыкбеков көтөргөн маселе деле ушул тил көйгөйү турбайбы?
- Ооба, кыргыз тилине тегерегинде. Эми Сыдыкбеков бул классикалык диссидент. Бул киши совет өкмөтүнүн көп эле саясатына каршы турган. "Эмне үчүн космоско бир да түрк тилдүү космонавт учпайт. Иттер учту, мышык учту, бирок түрк тилдүү элден бирөө учпады" дегени бул эми диссиденттик да.
- Ошол маалды ушинтип айта алганбы?
- Айткан, чоң чогулуштарда айткан. Москвадан келген бирөө отурган. Бул баатыр киши болгон чындыгында.
- Ооба, анын баатырдыгын сиз жакшы жазыпсыз китепте. 60 жылдыгында сыйлык бербей койгонун. Москва кийлигишкенин жазыптырсыз.
-Биздин Жогорку Кеңеш Ардак грамота берген да. Сыдыкбековдун улуулугун караңыз, ошону кайра артка салып жиберген.
- Тил маселесине келгенде баары бир тоталитардык системадан чыгып кете алган эмес деп айтып жатпайсызбы, Усубалиев тууралуу. Параллелдерге келсек да, ошол учурда Өзбекстанда тил маселеси кандай болду экен? Кызыгып көрдүңүзбү?
- Бул жерде Шараф Рашидовдун (1917-1983) өзбек тилин өнүктүрөбүз деген саясаты болгон эмес. Өзбек эли өзүнүн эне тилинде көп сүйлөп, башка тилдердин таасиринен алыс болгон. Тескерисинче, башкаларды өзбекче сүйлөткөнгө мажбур кылган. Бизде андай аракет болгон жок да. Биз орустарды "кыргызча сүйлөшөлү" деп айткан жокпуз, чынын айталы да. Анан алар дагы бизге жүрөгүн ачпай койду, кыргыз тилине, кыргыз маданиятына.
- Бул тарыхый инсандар өтө кызыктуу, алар жашаган доор дагы кызык окурманга. Сизде кыргызча чыгаруу ниети барбы? Өмүр өрнөк инсандарга дагы кимдерди жазмак элеңиз.
- Аябай жакшы суроо берип жатасың. Санап көрсөм, жыйырмага жакын орусча китеп жазыпмын. Болду да эми. Сен айткандай кыргызчасы качан чыгат деп сурагандар бар. Мен студент кезден бери кумир болуп жүргөн улуу инсан, атактуу Арстанбек акын жөнүндө жазып коюш дагы менин милдетим деп жүрдүм эле. Жайында кыргызча "Арстанбектин арманы" деп китеп жаздым. Ошого сыймыктанып отурам. Окурмандар жакшы кабыл алууда. Өзүм илгертен эле кыргызча жазчумун. Анан кийин окумуштуулук менен алектенип, диссертацияны орусча жазып калдык. Чынын айтайын, орусча китеп жазсаң сатылып кетет. Кыргыз тилиндеги китептер сатылган "Нускада" жылдап жаткан китептер да бар. Эч ким албайт. Бул китеп үч миң нускада чыкты эле. Азыр менде жүздөй эле китеп калды. Баары сатылып кетти.
- Азыр "деколонизация" деп, "кыргызча сүйлөйлү, орус тилинин таасиринен кетели" деген талкуулар жүрүп келет. Буга кандай карайсыз?
- Бул колониалдык аң-сезимден кетпесек болбойт. Элдик тил менен айтканда, өлсөк дагы эгемен мамлекетте жашап өлүшүбүз керек да. Эгемендик үчүн ар убакта күрөш жүрүп, эчен кандар төгүлгөн. Совет мезгилине келсек, Нурбеков, Сыдыкбеков деген улуу инсандар өттү. 34 жыл өттү, болду го дейм. "Чапсаң баш мына, кессең тил мына" деп жүрө берсек болбойт. Коомдук аң-сезимди өстүрүш керек. Ушул маселелер турат. Ошондуктан менин максатым ушул тарыхый инсандар аркылуу жаш муунга ушуларды жеткирүү. Советтер Союзу колониалдык система болгон деп айта албайм. Бирок идеологиялык колониализм күчтүү болду. Мен өткөндө эле ушу Бишкекти аралап жүрүп таң калдым. Бир көчө бар экен, шаардык кеңеште отургандар жөн эле картадан карап эле "Мурманский деген шаар бар экен, ошону атап коелу" дегенби? Ушундай көчөлөр бир топ. Радищев деген көчө бар экен. Аны орус тилдүү эле мектептерден сурап көрчү, ким экенин билет бекен? Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө ошонун баарын өзгөрткөнгө шартыбыз бар, мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул да ошол колонизмдин кетүүнүн бир түрү. Биз дагы эл аралык контексте жашап жатабыз да. Кимдир бирөөлөр менен келишимдерибиз, мамилебиз бар дегендей. Мына, Дэн Сяопин көчөсүн коюп койдук. Махатма Ганди көчөсү турат. Анткени ал өлкөлөрдө дагы Кыргызстан, Айтматов, Манас деген көчөлөр бар. Мен Индияда элчи болуп турган кезде Делидеги бир көчөнү Манас аташкан. Мындай неерсеге каршы эмесмин. Мейли, бул биздин сырткы байланыштын бир белгиси. Түркияда Кыргызстан көчөсү бар, бизде Анкара көчөсү бар. Биз дүйнөлүк контекст жашап жатабыз да.
Дагы караңыз "КГБ тергөөчүсү ар бириңерге иш даярдап койгонбуз деп айткан"- Жер аталыштары, көчө аталыштарын айтып жатабыз. Андан сырткары коомдук мамилени алалы. Айталы, кайсыл бир көйгөйлөрдү чечүүгө сунуш айтканда, ага карата реакция кылганда советтик доордогу көз караштан карап жаткан жокпузбу? Ошол түшүнүктөн арыла албай жаткан жокпузбу?
- Советтик менталитеттен кете албай жатабыз. Айрыкча, Советтер Союзунун тарбиясын алган мына биз кете албай жатабыз. Мактап эле жатабыз го "совет доору мындай эле, андай эле" деп.
- Тарыхый инсандар тууралуу темабызга келсек. Сизде мүмкүнчүлүк болсо дагы кимдерди жазмак элеңиз?
- Жусуп Абдырахманов тууралуу жазганга аябай күчүм кетти, чынын айтканда. Анан эми колдон келсе Курманжан датка жөнүндө жазсам жакшы болот эле. Бул кишинин өмүрү легенда. Чыгышта, мусулман мамлекетинде, мусулман элдеринин арасында аял башы менен лидер болгон. Кокон, Анжиянга чейин ошол таасири чоң болгон. Ошол себептен генерал Михаил Скобелев аттан түшүп, сүйлөшүп жатпайбы. "Мадам" деп французча кайрылат: "Мадам, сиз балдарыңызды тыйып койбойсузбу? Эмне үчүн биз менен атышып жатат. Бизде курал көп, биз деген чоң дөөлөтпүз. Бекер балдарыңыздын өмүрү кыйылып кетпесин" деген. Ошондо Курманжан датка: "Биз өзүбүздүн жерибиз үчүн атышып жатабыз" деп жооп берген. Мамлекеттик ишмер катары айтып жатпайбы. Мен Курманжан датка жөнүндө жазмакмын. Бул киши тууралуу айтыла турган сөздөр дагы эле көп го деп ойлойм.
- Өзүңүз мемуар жазгыңыз келбейби?
- Жазыш керек эле, бирок бул жанрдын да акмагын чыгарып жиберишти го деп ойлойм. Өткөндө районго аким болгон бирөө килейген китеп жазып коюптур. Анан дагы бири китеп жаздым деп көтөрүп келиптир. Эмне жөнүндө десем, “атам тууралуу” дейт. Көрсө, атасы колхоздо башкарма болуптур. Мемуар, авибиографиялдык чыгарма дегендин тымтыракайы чыгып кетти окшойт. Бирок жазыш керек. Жазбасак болбойт. Академик Евгений Тарле деген болгон. Өзү чоң окумуштуу, Франциянын тарыхына кызыккан. Ошол киши “Наполеон” жөнүндө мыкты эмгек жазып, дүйнөдө өтө бааланат. Эми биздин дагы дурус деген тарыхчылар жазыш керек эле. Биздин улуу инсандар жазып коюш оңой эмес да. Аны үчүн орусча айтканда “надо владеть пером”. Анан “дагы ким жөнүндө жазат элеңиз?” деген сурооңо. Ушул Курманжан датканы жазсам деген ниетим бар. Экинчи Аскар Акаев жөнүндө жазып койсом деп жүрөм. Мен жазбасам ким жазат. Аны менен чогуу 15 жыл иштедик. Жакшылык, жамандыкта чогуу болдук дегендей.
- Эми бул киши тууралуу канчалык чындыкты жаза аласыз? Канчалык объективдүү боло аласыз?
- Акаев тууралуу болгон чындыкты жазыш керек. “Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай” деген сөз бар го. Ошондой кылып, болгон чындыкты жазам. Албетте, таарынат. Ансыз деле мага анча-мынча таарынып жүрдү. Жанагы сен айткан китепте алтын маселеси, тиги-буларды ачык жазып койгом. Бирок эми акылдуу киши эмеспи. Коррупция күчөп турган кезде чогуу иштешип калдык.
- Ошол мезгилде гезиттерде сиздин дагы, ал кишинин дагы дарегине көп сын-пикирлер айтылып турган. Алардын баарын жазасызбы?
- Сөзсүз, сөзсүз да. Гезиттердин эң сүйүктүү каармандары болуп жүрбөдүкпү. Бул эми кадыресе көрүнүш. Жаса жазат, ага терикпеш керек. Саясатка бардыңбы, ошого даяр болуп барышың керек. Мен сага бир мисал айтайын. Ошол 2005-жылдагы төңкөрүштүн алдында, “Акаев кет” деп кыйкырып чыгып жатышпадыбы? Ошол төрт-беш саясий ишмер келип кыйкырып жатат. Мен алардын терезеден карап, тааныдым. Чынын айтайын сага, “Кудайга шүгүр, биздин мамлекетте ушунтип “президентти кет” деп кыйкырганга мүмкүнчүлүк бар деп сыймыктангам. Ишенбешиң мүмкүн, бирок ошентип сыймыктангам. Кийин кызматтан кеткенден кийин ошо бизди сындагандардын стили менен мен дагы бийлик башындагыларды катуу жаздым. Мени эч ким куугунтукка алган жок. “Эми койбойбу, болду да” деп бирөөлөрдөн айттырышты. Бакиевди, ошол эле Атамбаевди сындап жүрдүм. Атамбаев деле куугунтук кылбады. Тескерисинче, “Осмонакун жазса жазат да” деп жүрдү. Себеби демократия деген ушундай экен да. Анын улуулугу ушунда экен.
- Демек, ушул доорду баары бир жазам деп жүргөн экенсиз? Саясий роман дагы жазып жатам дедиңизби?
- Жазып жатам. Анын алдында мынакей, Арстанбек акынды мини-роман кылып жаздым.
- Саясий романыңыз качан бүтөт?
- Эми аны адам өңдүү шашпай жакшы кылып жазыш керек. Кудай буюрса, иштеп жатам. ХХ кылымдагы Кыргызстанды жазам. XX кылым - биздин тагдырыбыз чечилген кылым. Советтер Союзунан бөлүнүп, эгемендик алган жылыбыз. Бул басмачылардын доору, 1916-жыл. Бул деген Жусуп Абдрахмановдун, Чыңгыз Айтматовдун доору. Муну жазбаса болбойт.
- Кыргыз тилинде жазасызбы?
- Кудай буюрса, кыргызча жазам. Ошону башы деп “Арстанбектин арманын” кыргызча жаздым. Барсбек тууралуу бир эпизод жаздым. Алдыда ушундай маселелер бар.
- Эми мемуар жазуу маданияты тууралуу, бизде “чынчыл болбойт, актанат” деп айтып жатабыз. Бул маданият кантип калыптанат? Мисалы, Британия сыяктуу өлкөлөрдө кантип калыптанган? Жанрдын өзөгүн кантип түшүнүп калабыз?
- Британия АКШ - булар өнүккөн мамлекеттер. Буларда узактан калыптанган салт бар. Президенттер бийликтен кетери менен отуруп алып мемуар жазат. Клинтон ошондой кылды, Обама дагы жазды.
- Дал ушуну сурап жатам да. Бизде ошол маданиятты кантип калыптандырабыз?
- Эми биринчиден ошентип жазуу керек го. Жакында бир саясатчы китеп чыгарыптыр. Албетте. Өзү бир сабын деле жазбагандыр. Баягы бизде каражатка жазып бергендер бар эмеспи. Ошол буюртма менен кимдир бирөөнүн атынан мемуар жаза коюш деген кооптуу нерсе. Өзү жазыш керек. Өзү жазат дегенде кээ бирөө диктант жаза албай, бирок китеп чыгарып жатпайбы. Анан жанагы мен айткан саясатчы кыргызча же орусча билбесе кантип китеп жазды? Мемуар деген өтө жоопкерчиликтүү. Жаманбы-жакшыбы саясий ишмер жазган китепти эл окуйт. Кийин тарыхчылар окуйт. Анан ошондо бир сөз туура эмес болуп калса, кимдир бирөөнү атайлап жамандап же атайлап мактап койсо, кийин тарых илимине зыяны тиет. Ошондуктан мемуар деген сөздү өтө этияттап колдонуу керек. Муну жеңил-желпи жанр кылбай, өтө олуттуу тарыхый документтерди, фактыларды келтирип жаза турган деңгээлде чыгаруу керек.
Дагы караңыз Абдыганы Эркебаев: Репрессиянын капшабы адабиятка да катуу тийди- Туура. 90-жылдан бери эле канча трагедия баштан өттү.
- Ошону айтпайсыңбы. Ошолордун бардыгын жакшы аналитика менен коштоп, фактылардын базасында жазыш бул чоң маселе. Анан акырындап ушуга келербиз биз дагы. Эгерде коомдо талап болсо, мемуар жазылат. Биздин өткөн доорго кызыгуу айрыкча жаштар арасында күчтүү экенин сезип жатам. Бирок жаман жери бизде китеп окуу салты жоголуп баратат. Мени тынчымды алган ушул маселе болуп жатат. Мына, жазуучу катары китептеримди берип калам. Ошол эле биздин академик, профессорлорубуз китеп окуу маданиятына кетип калыптыр. Мен билгенден бир киши анык окуйт, сатып алып окуйт. Бул – академик Абдыганы Эркебаев. Дагы экөө-үчөө бар, ошолор окушат. Китепсиз каякка барабыз? Китепсиз кантип билим алабыз? Телефондон билим алган болбойт. Мен эки университетте сабак өтөм, өзүм күбө болуп жатам. Китепке келмейинче өспөйбүз. Ошол китеп окуу маданиятын жандандырышыбыз керек. Кыргызстанда китеп окулбай калды деген өтө чатак маселе. Демек, биз билим албай жатабыз. Балдар да окубайт, жаштар окубайт, чоңдор огобетер окубай калды. Ошондуктан Кыргызстанда бир жылды “Китеп жана билим жылы” деп жарыялап койгула деп сунуштап жүрөм. Китеп маданиятына келбесек болбой калды. Ар бир айылда китепкана, китеп дүкөнү болуш керек.
- Туура, бирок эми китеп жылы деген жасалма чакырыктар менен деле өзгөртүп жибериш кыйын го. Аны комплекстүү караш керектир?
- Жок. Пропаганда деген нерсе иштейт. Муну эч качан унутпасак. Кыргызстан өнүгүп-өскөн мамлекет болуш үчүн биринчи китептен баштоо зарыл. Китеп окубасак, анан билим каяктан келет? Абадан келбейт. Дүйнөлүк улуу чыгармаларды, илимий китептерди окуп, анан өсөбүз да.
- Китеп окубай калды деп жатпайсызбы. Балким жаш муундун табитиндеги китептер жазылбай жаткандыр. Ошолордун тилинде сүйлөшпөй жаткандырбыз. Азыр өзүңүз деле көрүп жүргөндүрсүз, айрым жаштар анлис тилинен китептерди которуп, аны окутуп жатышат. Кызыгууну айтып жатам да. Балким ушундай кызыктуу китептерди жазгандар болсо окурманын таап кетер.
- Жакшы китеп болсо окурманын таап кетет.
- Өзүңүз айтыңыз го “башкарма болгон атасы тууралуу китеп жазыптыр” деп. Ошол сыяктуу мазмундагы китептер толуп кетти. Анан барып табит бузулду дегендей. Салижан Жигитов “кыргыз бир китеп жазсам эле тарыхта калам дейт” деп айткан экен убагында.
- Туура эле. Ошол азыр накта бизде болуп жатат да. “Нуска” деген китеп дүкөнгө юарсам. Ошол жердеги эжекебиз айтат “15 жылдан бери өтпөй жаткан китептер бар” дейт. Анан эми “алып кетпейсиңби, эл окубайт” десең, көнбөйт дейт. Мен жакында Салижан Жигитовдун томдуктарын сураштырып жатып араң таптым.
(Маек айрым кыскартуулар менен берилди. Толугу менен видеодон көрүңүз)