- Бир аптадан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасынан улам бул саясий, коомдук абалга кандай таасир тийгизет, кесепети кандай болот деген суроо коюлуп, талкууланып жатат. Сиз мамлекеттик катчы катары идеологияга, коомдук абалга жооптуу кызмат адамдарынын бирисиз. Соңку окуяларды кандай чечмелеп жатасыз?
- Албетте, саясий окуя болгондуктан Кыргызстандын турмушундагы номер биринчи жаңылык болуп жатат. Коомдун бардык катмарында, ар кыл чөйрөлөрдө кызуу талкууланып жаткан маселе. Кесепеттер, албетте, бирөөлөрдү кооптондуруп жатса керек. Бул суроого президент Садыр Жапаров өзүнүн эң биринчи билдирүүсүндө да, бүгүнкү билдирүүсүндө да жооп берди. Биринчи кезекте улуттун ынтымагы, улуттук биримдик биздин эң башкы приоритет. Ошол улуттук ынтымактын урматы үчүн мына ушундай кадамдарга бардым деп айтты. Бул биринчи. Экинчиден, мына, бүгүн соңку интервьюсунда дагы бул Кыргызстандагы, сиз айтып жаткандай, кесепеттер деген маселеге алып келбеши керек деди. Себеби биз улут катары өзүбүздүн ынтымагыбызды өзүбүз сакташыбыз керек. Анан, албетте, ар кандай күчтөр бар. Ушул стабилдүүлүктү бузуп жиберели деген күчтөр болсо керек. Бирок андайга жол берилбейт го деп ойлойм. Себеби биздин соңку 10-15 жылдагы тарыхый тажрыйбада саясий маданияттын жаңы деңгээлине чыктык. Биз 2005, 2010 жана 2020-жылдагы окуялардан жетиштүү эле сабак алдык го деп ойлойм. Муну көп саясатчылар, эксперттер менен сүйлөшкөндө байкап калам. Алар деле стабилдүүлүктү бузуу, ашынган жолго баруу, биринчиден, зыян, экинчиден, улуттук өсүшкө кесепетин тийгизген көрүнүш экендигин айтып жатышат.
- Сиз Кыргызстан эгемендик алып жаткан учурда активдүү студент, кийин илимпоз, журналист, андан соң жазуучу катары аралашып, пикириңизди, мамилеңизди билдирип келе жаттыңыз. Соңку төрт-беш жылдан бери мамлекеттик ишке аралашып иштеп келе жатасыз. Саясий окуялардан, тарыхтан сабак алдык дедиңиз... Эң алгач бийлик сабак алдыбы?
- Албетте, бийлик сабак алды. Бул биздин соңку жаңы тарыхыбыздагы бир жаңы көрүнүш. Ошо бийлик сабак алгандыгы үчүн жанагыдай алдын алуучу, профилактикалык чараларга барды деп эсептейм. Ошонун өзү дагы коомдогу стабилдүүлүктү сактоого, бардык маселелер консенсус, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керектигине үйрөттү. Бул өзү өткөндөн сабак алганыбыздын белгиси.
- Соңку окуялардан улам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, албетте, кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөштү катуу жүргүзүү менен катар саясий эркиндиктер жаатында аша чаап кеткен эмеспи деген суроолор бар. Ушундан улам бийлик тараптан кайсы бир деңгээлде жумшаруу болобу? Маселен, учурда бир топ акын, журналисттер камакта. Ошол жаатта өзгөрүү болобу деген күтүү да бар экендигин мен жашыра албайм...
- Туура эми, андай күтүү бар. Биринчиден, бул маселеге эки өңүттөн карашыбыз керек. Соңку беш жылдын ичинде өзүбүздүн алдын мурдагы 25-30 жылдык тажрыйбабызды кайра анализден өткөрдүк. Эркиндик, сөз эркиндиги, демократия жөнүндө, баалуулуктарды карап, алар биздин улуттук маданиятка канчалык деңгээлде айланды деген суроону жалпы талкуунун жүрүшүндө бир жыйынтык чыгарсак болмок.
Соңку мамиле, саясат мына ошого багытталды. Ошол сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги, жалпы эркиндик... Канчалык биз ошону өзүбүздүн жүрүм-турум, улуттук маданиятка айландыра алдыкпы деген маселе бар. Бул биринчи. Экинчиден, эркиндиктин артында чоң жоопкерчилик. Басма сөз эркиндигинин артында дагы чоң жоопкерчилик бар. Биз ошол жагын туя алдыкпы? Сиз айтып жаткандай, бир топ окуялар болду. Бирок дагы бир жолу айтып коёюн, бул жаатта улуттук талкуу жүрүш керек го. Бул ушак деңгээлиндеги эмес, концептуалдык деңгээлдеги талкуу болушу керек. Мисалы, жакында президент Жапаров Улуттук телерадиокомпанияга барды, ошол жерде дагы сөз эркиндиги жөнүндө сөз болуп, “бийликти сындагыла, бирок анын артында жоопкерчилик бар, өз пикириңерди айткыла, бирок анын артында жоопкерчилик бар” деген пикирди айтпадыбы...
Дагы караңыз Конституциялык сот: 2027-жылы президенттик шайлоо өтөт, Жапаровдун бийликтеги биринчи мөөнөтү бүтөт"Жоопкерчиликти талап кылган бийлик адилетпи?"
- Албетте, сиз жоопкерчилик жөнүндө айтып калдыңыз, бирок адилеттик деген дагы түшүнүк бар. Ошол жоопкерчиликке тартуу аракети канчалык деңгээлде адилет болуп жатат?
- Мен жана талкуу кылалы дегеним ушундан улам айтылып жатат. Жоопкерчилик канчалык, адилеттүүлүк каякта деген суроолор талкууланышы керек. Мисалы, бирөөнө акарат айтылдыбы, анын жоопкерчилиги болуш керек. Ал адилет болдубу, жокпу? Биз анын ошол ченемдерин, жол-жобосун иштеп чыгышыбыз зарыл. Мына ушул темалардын бардыгы эле келип-келип, улуттук идеология, улуттук маданияттын деңгээли жөнүндөгү талкуудан улам жаралып калып жатат.
- Сиз деги эле мамлекеттик катчы катары өлкөдөгү улуттук маданияттын деңгээлин кандай баалайт элеңиз? Себеби бул жөнүндө коомдо талкуу болуп, маданияттын деңгээли төмөндөдү деген чочулоо да айтылып жүрөт...
- Эми, бул суроого мындай деп жооп берейин. Биринчиден, маданият деген эмне? Улуттук маданият деген эмне? Улуттук маданият биздин жүрүм-турумдан тартып, руханий бийик искусствого чейинки тармактарды камтыйт.
Азыр мен жолдо келе жатып эле интернетти ача калсам бир баланы машина сүзүп кетип, ошол жерден мүрт кетти. Мектеп окуучусу экен. Мен, мисалы, ушуну дагы какшап айтып келе жатканыма көп жыл болду. Кыргызстандагы жол коопсуздугу. Себеби жол коопсуздугу, жол эрежеси бул дагы улуттук маданиятка жатат. Жүрүм-турумга жатат. Тилекке каршы, соңку 20 жылдан бери жол кырсыктарынан өлгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан кооптуу өлкөлөрдүн катарында. Бирок биз ага көңүл бөлүп жатабызбы? Президент, мына, акыркы чараларга барды. Ушундай чараларга барышка туура келип жатат. Айдоочулардын баарын кайрадан окуталы. Себеби биз улуттук баалуулук деп жатып XXI кылымда ушул мекендештерибиздин коопсуздугун улуттук баалуулукка айландыра албаптырбыз. Жол кырсыгынан өлгөндөрдүн канча бир бөлүгү жаш балдар, окуучулар болуп жатат. Мына, бул улуттук маданият. Туурабы? Улуттук баалуулук дегенде эле биз архаикалык көрүнүштөргө таянабыз, шилтеме беребиз. Этти кантип тартыш керек, бозүйдү кантип тигиш керек, түндүктү ким көтөрөт деген маселе жакшы. Анын баарын биле жүрөлү. Ошол эле учурда биз өзүбүздүн көчөлөрдө кыргыздар массалык урбанизация жүрүп жаткан шартта жол коопсуздугунун маданиятын өздөштүрө албай жатпайсызбы!?
Дагы караңыз "Үркүндө бүтүндөй үй-бүлө кырылган учурлар бар"Өзүңүз белгилегендей, маданият начарлап кеттиби деген сөздөр айтылып жүрөт. Эми, экономикалык өсүш менен катар маданият жогорулаш керек. Биз 100 жыл мурун көчмөн болсок, азыр заманбап урбанизациянын шартына көнүп жашап жатабыз.
Бул биринчи маселе. Экинчиси, жалпы маданият. Мамкатчылыкка келгенден бери мен уңгу жолду улап, улуттук дем менен дүйнөлүк бийиктикке чыгышыбыз керек деп айтып жатам. Биз жасаган иштерибиз менен, жазган эмгектерибиз, жүрүм-турумубуз, искусстводогу жетишкендиктерибиз менен, мүмкүн, дүйнөлүк бийиктикке жакындашыбыз керек.
Андай шарт бизде барбы? Бар. Дагы бир жолу кайталап коёюн. 100 жылдын ичинде биз, көчмөн кыргыз, отурукташып, цивилдик мамлекетти куруп жатабыз. Маданият тармагында, искусство тармагында биз андай дараметти көрсөттүк. Дүйнөлүк бийиктикке жакындаган жана, керек болсо, дүйнөлүк бийиктикти багындырган деңгээлди көрсөтө алганбыз. Айтматов, Океев, Чокморов, Миңжылкыев, Шамшиев жана башкалар... Демек, ошондой дарамет бизде бар. XXI кылымда кыргыздын ошол чыгармачылык генин дагы бир жолу ойготуп, жаштардан жаңы элитаны, жаңы кумирлерди алып чыгышыбыз керек. Ошол жаңы элита кыргызды XXI кылымдын экинчи жарымына, XXII кылымга баштап келе турган катмар болуш керек.
- Мамлекеттик катчы катары риторикаңыздан байкап жатканыбыздай, сиз руханий ренессансты жаратышыбыз керек деп жатасыз. Аны кантип жаратыш керек? Мисалы, азыркынын Айтматовдору, Океевдери барбы? Аларды сүрөш керекпи, кандай жол менен ишке ашыруу зарыл?
- Жаңы шартта биз жаңы таланттарды алып чыгышыбыз керек. Кантип? Жаңы чыгармаларды издешибиз керек. Бир эле мисал айтайын: эл аралык Букер сыйлыгы деген бар. Ошол сыйлыктын комиссиясынын төрагасынын интервьюсун окуп отурсаң, бир жылда 250 китеп окуп чыктым деп айтып жатат. Төрагасы 250 китепти эринбей окуп, кайсынысы ылайыктуу деп талкуулап жүрүп отуруп, ошонун ичинен жаңы таланттарды чыгарып жатат. Бизде адабиятчыларыбыз көп. Адабият боюнча илим жактагандар толтура. Бирок алар ошончолук китеп окуп, анализден өткөрөбү? Билбейм... Биз жазуучулардын, киночулардын, сүрөтчүлөрдүн, бийчилердин, архитекторлордун арасынан таланттууларды тапташыбыз керек. Бир эле мисал айтайын: Улан Карыпбаев деген театр режиссёру бар. Мен аны азыркы доордо кыргыз маданиятына Айтматовдой таасир эте алуучу талант деп эсептейм. Кайсы чыгармага кайрылбасын, ортозаар чыгарма болсо дагы анын идеясын алып, сахнада бир керемет көрүнүшкө айландырган таланты бар. Мисалы, бул жылдыз. Ал таптап жаткан актёрлорду көрүп келдим. Алар менин чыгармаларымды ойногондугу үчүн эмес, аткарган деңгээлин көрүп, эгерде буларды дагы таптаса, башка чыгармаларды аткарса, чоң жылдыз чыгат турбайбы деп ойлоп калдым. Булар биздин жаңы жылдыздарбы!? Мисалы, жаш сүрөтчүлөр, киночулар бар. Мына, Руслан Акун сыяктуу киночуларга мүмкүн болушунча колдоо көрсөтсөк, жаңы катмар чыгып келет деп ойлойм.
Дагы караңыз Ташиевдин отставкасында Батыштын же Москванын изи барбы?"Мамлекеттик катчы өз чыгармаларын сүрөйбү?"
- Сиз өзүңүз айтып калдыңыз, кептин удулу келгенде сурайын, режиссер Уланмырза Карыпбаев сиз жазган чыгарманын негизинде Ош драма театрында койгон спектакль боюнча да учурда соцтармактарда айрым адамдар сындап жазып жатышат. Жакында сиздин чыгармаңыздын негизинде режиссёр Темир Бирназаров фильм тартты. Мына, эми Уланмырза Карыпбаев спектакль коюп жатат. Анан "Арслан Капай уулу кызматка келгени өзүнүн чыгармасын эле сүрөп, мамлекеттик заказ менен эл алдына алып чыга бергенде канчалык деңгээлде туура, бул кызмат абалынан пайдалануу эмеспи?" деген да талкуу жүрүп жатпайбы. Сиз кандай жооп бересиз?
- Биринчиден, Темир Бирназаров да, Улан Карыпбаев да менин чыгармаларымды көптөн бери окуп жүрүшөт. Кээде жолугуп калганда өз пикирлерин айтып калышчу. Эмне себептен кызыкканын айта албайм, менин ишим чыгарма жазуу, андан ары кайсы режиссер кайрылат, ал өздөрүнүн иши. Мисалы, Темир мен 2010-жылга чейин жазган “Беделдеги каргыш” чыгармамды жактырып, кино тартам деп жүрчү. Тартам десе тартпа деп мен айта албайм. Аңгыча “Тагдыр жөнүндө ыр” деген чыгарма жазылган соң ага кызыгып тартам деп даярдык баштады. Аңгыча мамкатчы болуп калдым. "Бул мамкатчы боло калып эле кино тарттыра калды" деген туура эмес. Кинону бир айда тарта албайт. Анын сценарийин жазганга канча убакыт керек. Ал менин уруксатымды алып, иштеп жатканда тыюу сала албайм. Бул чыгармачылык эркиндик. Улан Карыпбаев боюнча деле ушундай абал. Ал Казакстанда иштеп жүргөндө жанагы менин “Мисмилдирик” деген романым колуна тийип калган экен. Барактап көрүп ушуну сахнага алып чыксам деп ойлоп жүрүптүр. Бир курдай мага келип жолуккан. Анда мамлекеттик кызматка келе элек элем. Кийин мамлекеттик кызматка да келип калдык. Кийин “Тагдыр жөнүндөгү ыр” деген чыгармасын койбойлубу деп театрда иштеген бирөөлөр аны ынандырыптыр. Мага айтканда “өзүң бил, мен театр режиссеру эмесмин” деп айткам. Уруксатымды алып иштей баштаган. Андан бери үч жыл өттү, спектаклди мындан эки жыл мурун коймок. Анан дагы ойлонуп жүрүп калды. Былтыр коймок, анда да болбой калды. Кийин спектаклди даярдаганда менин үч-төрт чыгармама негиздеп коюп баштаптыр. Анан репетиция болуп жаткан жерден мага видеосун салып калат. Мен ыңгайсыз болуп, ар кандай сөздөр болот деп жүрдүм. Спектаклдин бет ачарына чакырганда баргым келген эмес. Бирок режиссер "Келбесеңиз болбойт, Орусиядан Щепкин окуу жайын бүтүп келген жаш актерлордун ындыны өчүп калат" дегенинен алтынчы күн экен, өзүм билет алып, айла жок бардым. Ошо менен коюлду. Мен ал жерде өзүмдүн чыгармамды мактабайм. Улан Карыпбаевди мактайм. Театрга жаңы дух алып келген жаштарды көрүп суктандым.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мамкатчы Койчиев: Эркиндик чыгармачылык кереметти жаратат