«Жоолугумду чечкенге мажбур болдум»
Миграциянын түйшүгүн тартып, запкысын көргөн бул келин жүзүн жашырып, атын өзгөртүп коюуну өтүндү. Жалгыз бой эне уулун багыш үчүн 2015-жылы Орусияга жумуш издеп барган. Бирок жоолукчан аялдарга иш табуу өтө эле татаал экенин Ажар өз башынан өткөргөн экен:
«Жоолукчандарга кысым аябай көп экен. Жумуш издеп көп жергелерге барсаң, жоолукчан аялдарды жумушка алышпайт экен».
Ажар Орусияда 10 жылдан ашуун эмгектенген. Полиция кызматкерлери жоолукчандарды көргөн жеринен кармап, капчыгындагы болгон акчасын кагып алган учурлар башынан көп өттү дейт:
«Мен жоолукчан болчумун. Жумуштан чыгып баратканда метродон токтотуп, телефонумду текшерди. Ичинде оронгон аялдардын жана өзүмдүн сүрөттөрүм бар болчу. Участкалык бөлүмгө алып барды. Ал жерден «силерди депортация кылабыз» деп коркутушуп, жаныбызда канча акча болсо, баарын алып койгон күндөр болду. Өзүлөрүнүн банктык эсебин берип, «ушуга акча салып кел» дейт. Паспорт, документтерди алып коюп, банкоматка чыгарып жиберет. Жаныбызда акча жок болсо, бирөөлөрдөн сурап, акчасын которуп, чекти полицияга берчүбүз. Мындай мамилеге менден башка бир нече кыргыз кыздар кабылдык».
Ажар Орусияда таттуу-тарапа жасаган фирмада иштеген. Башында жоолугуна эч ким асылбаганы менен бир нече ай өткөндөн кийин талап коюла баштаган:
«Фирманын атын айтпай эле коёюн, торт бышырган жерде кондитер болуп иштедим. Жоолугум менен ишке кирдим. 1-2 ай болгондон кийин «жоолугуңду ал» деди. Жетекчилик тарабынан «албасаң, иштен кетесиң, айлыгыңды бербейм» деген коркутуулар болду. Башка жумушка которулуп кетейин десем, акчамды бербей коюшту. Жоолугумду алганга мажбур болдум. Бирок башымдагы жоолугумду чечкенге аябай өкүнөм».
Ажар Кыргызстанга 2025-жылы кайтып келген. Таекеси дагы сакалынын азабын тартып, Орусиядан депортация болгонун айтып берди:
«Тагамды аэропорттон кармап, телефонун текшерсе, Чубак ажынын видеолору бар экен. Ошону көргөнү үчүн, ээгинде сакалы болгону үчүн аны Орусиядан депортация кылып салды. Тагам көп кыйналды, кысылды. Кыргызстанга караганда Москвада акча көбүрөөк табылат да».
Кыргызстандык мигранттарга укуктук жардам көрсөтүп келген адистер Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан кийин жана 2024-жылы Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдо" болгон куралдуу кол салуудан кийин Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга жек көрүү күчөгөнүн белгилешет.
Эрлан Токтосунов
«Бул сыяктуу учурлар 2022-жылдан баштап боло баштады. Ага чейин мындай нерселер байкалбайт эле. Согуш башталганы көп пайда болду», - дейт юрист Эрлан Токтосунов.
Рахат Шералы
«Өзгөчө баягы "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин күч алды. Мурда мисалы үчүн «Борбордук Азиядан келгенсиң» деп, «тилди билбейсиңер» деп, ошол боюнча дискриминация болсо, "Крокустагы" окуядан кийин өзгөрүү болду да. Көбүнесе биздин мусулмандар, динге жакын болгон мигранттар кысымга туш болду», - деди “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун миграция боюнча адиси Рахат Шералы.
Орус жергесинде мигранттарга каршы ксенофобиялык мамиле, ачык эле жектөө жайылып жатканын орусиялык укук коргоочулар деле жашырбайт:
Нурзида Бенсгиер
«Мигрантофобиянын, ксенофобиянын, исламофобиянын деңгээли орус коомунда жогору. Акыркы убакта мен так сандарды көргөн жокмун. Мурдагы көрсөткүчтөр жетишерлик эле жогору болчу. Азыр болсо, балким, андан да жогору болушу мүмкүн. Анткени “Русская община”, “Северный человек” сыяктуу кыймылдар жана жүз миңдеген жолдоочулары бар “Многонационал” аттуу каналдар абдан популярдуу болуп, мигранттарды Орусиядагы бардык көйгөйлөрдүн булагы катары көрсөтүп келишет. Ошондуктан коом менен олуттуу иш алып баруу керек. Көп иш талап кылынат, бирок бул үчүн коомдун өзүндө да суроо-талап болушу зарыл. Азырынча коомдо мындай суроо-талап байкалбайт», - деди укук коргоочу, Улуттар аралык маалыматтык борбордун аткаруучу директору Нурзида Бенсгиер.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жоолукка асылат. Сакалын алдырат. Орусиядагы ксенофобия
«Көбү коркконунан сакалын кырып салды»
Орусияда жүрүп диний себептен улам кысымга туш болгондордун бири Элдияр. Ал Москвага каттаган сайын аэропорттон токтотулуп, ойго келбеген суроолорго жооп берүүгө акыры көнүп деле калган:
«Чек арадан өтүп жатып паспортуңду бергенде эле «күтүп туруңуз» деп тургузат да формачандар келет. Аябай эле жаман акыбалда болосуң. Колу-бутуңду кайрыбайт, бирок бир бөлмөгө алып кирип, ар кандай суроолорду берет: «Чубак ажыны угасыңбы?», «Кайсы масхабды карманасың?», ханафи жөнүндө айтканда «силер террорист эмессиңерби?» деп бурмалашып, 2-3 саат кармаган күндөрү болгон. Ар кандай адамдар келип эле ошол эле суроолорду кайталап берет. Ар башка нерселерди сурап көрөт. Аягында айла жок кое беришет. Мен үчүн көнүмүш адат болуп калган», - деп Элдияр Эсенбек уулу башынан өткөн окуяны бөлүштү.
Элдияр Эсенбек уулу
Элдияр соңку жылдары Орусиянын күч кызматтары мечитке чейин кирип барып, туш келди текшерген учурлар дагы көбөйгөнүн мисал келтирди:
«Люберцы деген дача бар болчу. Ошол жерге кыргыздар, өзбектер жума намазга барчубуз. Медресе дагы бар болчу. Бир күнү жума намазга келсек, автоматчан, беткапчан полиция кызматкерлери сыртынан куурчап алыптыр. Баарын узунан тизип, мечиттен орусиялыктарды чыгарды. Андан кийин КМШдан келгендерди тизип койду. Ошол маалда мечитте кызмат кылган балага «документибиз толук эмес» десем, арткы эшик менен чыгарып жиберген күндөр болгон».
Элдияр Орусияда баш-аягы 12 жыл иштеп, 2023-жылы Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшүп калган:
«Кадимкидей эле түрмө да. Ар бир бөлмөдө 10-15тен адамды кармашат. Тамак-ашты жеткирбей, ар бир адамга граммдап беришет. Туугандарың алып келген тамакты киргизбей коюшат. Узун-узун блоктор бар. Бир блокто 300-400 адам жатат. Күнүнө бир сааттан эле чыгарат. Биз отурган убакта боюнан түшүп калган кыргыз кызды ооруканага алып барбай койгонун угуп калдык. Өтө орой мамиле кылышат. Урушат, согушат».
Сахарово миграциялык борборунда Элдияр дээрлик бир айдай, 29 күн жаткан. Ошол күндөрү “сакалыңды кыр” деп кыйнаган учурлар болгонун айтты:
«Ал жакта канчасынын сакалын кырып салган учурлар болду. Канчасын токмоктоп, көбү коркуп кетип, алып салганын көрдүм. 24 саат бою камеранын көзөмөлүндө жүрөсүң».
Элдияр 5 бир туугандын улуусу. Бели бешиктен чыга электе турмуштун оор түйшүгүн тартып, ата-энесине жардам берем деп миграциянын ысык-суугуна чыдагандан башка арга жоктугун эбак түшүнгөн:
«Мен ушу чет мамлекетте жашап, кордук көргөнүмө өкүнөм. Андан көрө окусам болмок экен. Азыркы тапта келечек жаштарда. Ошол кезде мен дагы жаш болгом. Андан көрө окуп, бир кесиптин ээси болсом болмок экен. Азыр өсүп келе жаткан балдар окуса деген үмүтүм бар. Эне-атабызга жардам беребиз деп жүрүп окубай калдык. Кыйын эле да, кесибиң жок болсо, кимге керексиң? Эч кимге керегиң жок. Баягы эле оор жумуш, курулуш, такси. Окуйун десең, эки балаң бар, бүт кымбатчылык, бирок аракеттебиз буюрса. Азыр деле кеч эмес деген ойдомун».
Элдияр 2024-жылы Орусиядан депортация болуп, мекенине кайтып, үйлөнүп-жайланган, азыр 2 баланын атасы.
Элдияр Эсенбек уулу
«Кыргызстанда бош убакта такси кызматын кылам. Негизи курулуш тармагында иштейм. Бул жакта акча чогулбайт да. Жамандык, жакшылык, акча чогулбайт. Бирок жашаганга болот».
Элдиярдын мигрант жашоодон көңүлү калган. Чет жактагы турмуштун тегирмени жакындардан алыстатып, чоочун адамдарды бир туугандай кылып коет экен дейт:
«Миграция бизди бышырды. Өзүңдүн элиңди, жериңди барктап, баалап калат экенсиң. Оштон, көлдөн, ар кайсы жактан адамдар топтолот. Аларга бир тууганыңдан дагы артык мамиле кыласың. Миграция жакындатат. Таенем, таежем өтүп кеткенде жумуштан чыга албай, билет кымбат болуп, келе албай калганбыз. Бир туугандарыңдан да алыстап каласың».
Миграцияга аттанып жаткан жарандарга укуктук жагынан кеп-кеңешин айтып, Орусиядагы акыркы татаалдашкан мыйзамдарды талдап берип, жүгүн жеңилдеткенге аракет кылган уюмдардын бири “Инсан-Лейлек” коомдук фонду алыскы Украинадагы согуштун кыргызстандык мигранттарга тийгизген таасирин изилдеген. Анын жыйынтыгы Орусияда мигранттар кандай басым-кысым алдында, коркуу менен жашарын көрсөткөн.
«Мигранттар кандай кысымга, дискриминацияга же болбосо кандайдыр бир укук бузууларга дуушар болот деп сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Ага 200дөй адам катышкан. Анын ичинен 80 пайызы ксенофобиялык көрүнүштөргө кабылган экен. Мигранттар «чурка», «карасың», «тилди билбейсиң», же болбосо «экинчи сорттогу адамсың» дегендей мамилеге туш болору эч кандай сыр эмес. Мурда деле болчу, бирок азыркы учурда өзгөчө күчөп баратат», - дейт “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун миграция боюнча адиси Рахат Шералы.
Орусиялык укук коргоочу Нурзида Бенсгиер Москванын миграция саясаты чет элдиктердин макамын аныктап, мыйзамдаштырып, көмүскөдөн чыгаруу аракети экенин, бирок күч органдары өз милдетин аткарууда аша чаап жатканын белгиледи:
«Бул жазалоо чараларынын аткарылышы этика жана гумандуулук жагынан караганда кандай ишке ашууда? Албетте, бул нааразычылыкты жаратпай койбойт. Анткени бул жерде адам укуктарынын бузулушу бар, айрыкча анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү жагынан. Мындай көрүнүштөр, тилекке каршы, кеңири тараган практика болуп саналат — көзөмөл жүргүзгөн органдар өздөрү көзөмөлдөгөн адамдарга карата гумандуу эмес мамиле жасаган учурлар көп кездешет».
«Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынды»
Луиза Канаева
Луиза Орусияга алгачкы жолу 15 жашында барган. Бой жетип, ал жактан турмушка чыгып, балалуу болгон. Ата-энеси, үй-бүлөсү менен миграцияда жүрүп, Кыргызстанга каттап турушчу. Бирок 2023-жылы Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынганын аэропорттон билген экен:
«Жагымсыз киши дешти. Себеби эмнеде белгисиз. Мен ал жакта бир батирде турганмын. Каттоом бар болчу. Айып салынган эмес. Өмүр бою кирүүгө тыюу салынды дегенди укканда нес болдум. Кагазды кайра-кайра окудум. Жанымда мага окшогондор дагы болду. Алар ыйлады. Мен аларды көргөндө өзүмө күч топтоп, кетсем Кыргызстаныма кетип жатам, эмнеге ыйлайм деп соорондум. Бирок ал маалда жашоом токтоп калгандай сезилген».
Бүтүндөй бир үй-бүлөнүн ичинен жалгыз Луиза депортация болгон. Күйөөсү, кызы, ата-энесине эч кандай чектөө коюлган эмес:
«Айрымдар диний видеолорду көргөндөн дешти. Ошол жерде телефонубузду текшерип, суракка алган. Мен видеолордун баарын өчүрүп чыккам. Балким бир аз мурдараак өчүргөнүм үчүн болду окшойт деп ойлонуп калдым. Же башкадан болдубу билбейм. Өзүлөрү дагы себебин айтышпайт экен. Мага окшогондордон эки-үчөө келди, бирок көбү 5-6 жылга депортация болгондор. Жалгыз мени өмүр бою киргизбей коюшту».
Миграцияда дээрлик 10 жылдай жүргөн Луиза Орусияга жол жабылганы Кыргызстанда чакан ишкерлик менен алектене баштаган:
«Мен 2023-жылы депортация болгондон кийин кийим дүкөнүн ачтым. Азыр бул кудайымдын берген бир жакшылыгы деп ойлойм. Бир эшикти жапканы менен, башка жагынан жолубузду ачып койду. Азыр чакан болсо да бизнес ача алдым. Ошону менен тирилик кылабыз».
Юрист Эрлан Токтосунов диний көз караштан улам куугунтуктап, кысымга алуу Орусиянын Конституциясына каршы келерин, эгер мигранттардын документтери толук болсо, тиешелүү органдарга арыз жазып, өз укуктарын коргоону талап кылса болорун белгиледи:
«Орусия өзү федеративдүү мамлекет. Анын карамагында канчалаган улуттар жашайт. Ар кандай динди тутунат. Федеративдүү округдар, республикалар бар. Менин оюмча мындай болгон мезгилде эмгек инспекциясына кайрылса болот. Эмгек инспекциясы дагы чечпей турган болсо, өзүнүн укугун жактоо үчүн сотко берсе болот. 2022-жылга чейин диний кастыкты козгоочу адамдарды Орусиянын тергөө жүргүзүүчү органдары аныктап, жоопко тартып, андай кылган болбойт деп тартипке келтирип, иретке келтирип турчу. Бирок 2022-жылдан баштап тартип бузулду. Диний кастыкты козуткан, «Орусия - орустар үчүн» деген адамдар көп чыгып баштады акыркы мезгилде», - деди Токтосунов.
«Эл аралык стандарттар, укуктар боюнча көп айта беребиз. Бирок реалдуулук деген башка. Азыркы учурда Орусияда мусулман динин карманып, жоолукту кийип кенен жүрө албайсың. Ушундай реалдуулукка туш болуп жатабыз. Мындай кырдаалда биз жардам бере албастыгыбызды түшүнүп, мигранттарга «сураныч, сакалды өтө узун өстүрбөгүлө, себеби ошол индикатор болот» деп айтып жатабыз. Полиция ошондой белгилерди көрсө эле сөзсүз текшерет», - деген кеңеши менен “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун миграция боюнча адиси Рахат Шералы бөлүштү.
«Эгерде сенин укуктарың бузулса, албетте, укук коргоо уюмдарына жана укук коргоо органдарына кайрылуу керек. Азыр чет өлкөлүк жарандар ИНН алышат, мамлекеттик кызматтар порталында каттала алышат жана арызды түз эле ошол сайт аркылуу жаза алышат. Эгерде алар бул процесстерди өз алдынча түшүнө албаса, укук коргоочуларга кайрылса болот. Же болбосо адвокат жалдай алышат. Бизде мигранттардын укуктарын коргоо жаатында иштеген юристтер бар», - деди укук коргоочу, Улуттар аралык маалыматтык борбордун аткаруучу директору Нурзида Бенсгиер.
Орусияда 2024-2025-жылдары миграциялык мыйзамдар катаалдашып, былтыр 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн “көзөмөл реестри” иштей баштаган. Кара тизмеге илинип калгандардын укуктары кескин чектелет.
«Биз азыр мигранттарга, өзгөчө миграцияга чейинки даярдыкта көрүүдө «бүт телеграм каналдарыңарды, вотсаптарыңарды тазалагыла», «инстаграм баракчаларда кимге катталгансыңар, ошол боюнча дагы бир сыйра текшерип, тазалап, андан кийин гана Орусияга баргыла» деп айтып жатабыз. Орусияда рейддер аябагандай күч алган, эгер телефондон кандайдыр бир диний тайпаларга кошулган болсо, бул чоң коркунуч, автоматтык түрдө убактылуу кармоочу жайга камап коюшат», - дейт Рахат Шералы.
Жыл башында Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган. Ал тапта ар кандай себептер менен депортация болуп, Кыргызстанга кайтып келгендер жашоосун жаңы барактан баштоого аракет кылышууда.
«Өз үйүңө, өзүңдүн мекениңе жетпейт. Ата-энеңдин, балдарыңдын, үй-бүлөңдүн, өз мекениңдин тынчтыгына жетпейт. Ал жерде коркуу менен жүрөсүң да. Качан кармап кетет, качан айып салат, качап депорт кылат деп коркуу менен жүрөсүң», - деди биздин каармандарыбыздын бири Ажар.
- Орусиянын Мамлекеттик Думасына ушул айда көп кабаттуу үйлөргө жана эл жашабаган имараттарга чогулуп намаз окууга жана башка диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору киргизилди. Диний жөрөлгөлөрдү үйүндө расмий катталган гана тургундар “жеке рухий муктаждыгы” үчүн өткөрө алышат. Мыйзам долбоорун 67 депутат демилгелеген, арасында фракция лидерлери да бар. РБК басылмасы белгилегендей, өзгөртүү “Абийир эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга сунушталууда. Анда аталган жайларда даабат кылууга да уруксат берилбейт. Мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда тиешелүү өзгөртүүлөр Турак жай кодексине да киргизилмекчи.