Юстиция министри Аяз Баетов сот процесстерин санариптештирүү жана отурумдарды видео байланыш аркылуу чагылдыруу кечигип жатканын айтты.
Бул маселе 18-февралда "Ынтымак Ордодо" Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өтүп жаткан мамлекеттик мекемелердеги бюрократияны жоюу боюнча жыйында көтөрүлдү.
Аяз Баетов мисал катары Казакстандын жана Орусиянын мисал тажрыйбасын келтирип, адвокат сот отурумуна онлайн катыша тургандай мүмкүнчүлүктөр кириши керектигин белгиледи.
Анын айтымында, кайсы бир тарап катышпай калганы үчүн процесстер созулуп жүргөн учурлар көп кездешет.
Адылбек Касымалиев мамлекеттик мекемелерде, айрыкча аткаруу бийлигинин төмөнкү органдарында бюрократиялык көрүнүштөр болуп жатканын белгилеп, бул багытта ишти тездетүүнү тапшырды.
Бюрократияны жоюу боюнча тапшырмалар толук аткарылбаганы үчүн Касымалиев илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова жана орун басарларына оозеки эскертүү берди.
Кыргызстанда онлайн сот жараяндары 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда болгон. (TAb)