Газадагы согушка Израил армиясынын (ЦАХАЛ) тарабында чет өлкөлүк миңдеген киши катышкан. Бул тууралуу катардык Al Jazeera басылмасы аналитикалык материал чыгарды.
Ага ылайык, аскерлердин көбүнүн кош жарандыгы бар. Басылма бөлүшкөн маалымат боюнча, 52 кыргызстандык куралдуу жаңжалга катышкан. Андан тышкары ЦАХАЛдын катарында согушка Өзбекстандан чыккан 264 киши, 189 казакстандык, 31 түркмөнстандык жана сегиз тажикстандык барган.
Материалдын авторлору чет өлкөлүктөрдүн бир бөлүгү ЦАХАЛда кызмат өтөгөн болсо, башкалары жаңжал курчуганда Израилге барганын белгилешет.
Согушка тартылгандар арасында АКШ, Франция, Британия, Германия, Украина, Орусия жана башка мамлекеттердин жарандары болгону айтылат.
Al Jazeera чет өлкөлүк жарандардын аракеттери эл аралык гуманитардык нормаларды бузган деп табылса, аларды сот жообуна тартуу ыктымалдыгы тууралуу маселени көтөрөт.
Авторлор сөзгө тарткан укук коргоочу уюмдар аскерлер чыккан өлкөлөрдө иликтөө жүргүзүү жана керек болсо жоопко тартуу зарылдыгын белгилешкен.
Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын бийликтери жарандарына чет өлкөлөрдүн армияларында кызмат өтөө мыйзамга каршы келерин, ал үчүн кылмыш жазасы каралганын эскертип келет.
Кыргызстан кош жарандык тууралуу бир да мамлекет менен келишим түзгөн эмес.