Жогорку Кеңеште эки депутаттык топтун лидерлери алмашты. Кундузбек Сулайманов “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчилигинен кетип, ордуна жаңы гана мандат алган Талант Мамытов лидер болду.
Андан тышкары “Ата-Журт” депутаттык тобунун лидери Нурланбек Азыгалиевдин ордуна Дастанбек Жумабеков келди.
Талант Мамытов №13 округ боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечиминен кийин мандат алып, 18-февралда ант берип депутаттык кызматка киришкен.
Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет, беш депутаттык топ бар. (BTo)