Башкы прокуратура ишкерлерди мыйзамсыз текшергендер жазаланарын билдирди

Башкы прокуратура.

Башкы прокуратура 2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганын билдирип, бизнеске кысым көрсөткөндөр жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Башкы көзөмөл органынын маалыматында, мыйзамдуу иштеп жаткан ишкерлерге тоскоолдук кылгандар Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликтен аша чабуу” беренеси менен мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылып, беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Андан тышкары Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин “Кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу” беренеси менен 15 миң сом айып салынышы мүмкүн.

Башкы прокуратура ишкерлерди мораторий күчүндө турган учурда пландан тышкаркы салыктык текшерүү болсо прокуратура органдарына кайрылууга чакырды. Мекеме текшерүүлөрдү ыйгарым укуктуу орган мыйзамдуу негиздер болгондо гана белгиленген тартипти сактоо менен жүргүзөрүн кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 18-февралда укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүн ишкерлерге басым-кысым кылбоого чакырып, ошол эле учурда бизнесмендерди да салыктарын жаап-жашырбай таза иштөөгө үндөгөн.

Кыргызстанда айрым бизнесмендер соңку жылдары укук коргоо органдарынын ар кандай текшерүүлөрүнөн жапа чегип жатканын айтып келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Муфият Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмүн бекиттиӨкмөт башчы Касымалиев Оштун жаңы мэри Жанарбек Акаевди эмгек жамаатына тааныштырдыПарламентте эки депутаттык топтун лидерлери алмаштыКулубаев санкцияларга байланыштуу Кыргызстан милдеттенмелерин так аткарып жатканын айттыОрусия, Кытай жана Иран биргелешкен аскердик-деңиз машыгууларына камданууда