Оштун жаңы мэри Акаев президент "таза иште" деп талап койгонун айтты

Жанарбек Акаев.

Ош шаарынын жаңы мэри Жанарбек Акаев мэрлик кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын айтып, шаардагы маселелерди чечүү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал Ошто жол тыгыны, башаламан курулуштар сыяктуу көйгөйлөр бар экенин айтып, мыйзамсыз делген курулуштарды буздурууда элдин да пикири эске алынарын айтты.

“Өлкө жетекчилиги “жаш, тың жана эң негизгиси, буга чейинки баскан жолу таза болсун, колу булганбаган болуш керек” деген талаптарды койду. Ошонун негизинде мен Ош шаарына келип отурам”, - деди ал.

Жанарбек Акаев мэр катары ачык иштей турганын кошумчалады. Президент Садыр Жапаров 18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевди кызматтан алып, ордуна Жанарбек Акаевди дайындаган.

Жанарбек Акаев 39 жашта. Ал Ош мамлекеттик университетин аяктаган. 2008-2015-жылдары “Азаттык” радиосунун Ош, Бишкек, Прага кеңселеринде журналист, “Азаттык+” жаштар программасынын, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын алып баруучусу болуп эмгектенген. 2015-жылы алты айга чукул ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысынын кызматын аркалаган.

2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. 2021-жылы “Альянс” партиясын жетектеп, эл өкүлү болуп шайланган. 2025-жылкы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №8 округдан жеңип чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

Башкы прокуратура ишкерлерди мыйзамсыз текшергендер жазаланарын билдирдиПарламентте эки депутаттык топтун лидерлери алмаштыБишкекте дарыгерлер кесиптешинин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп жатышатУкраин аскер күчтөрүнүн мурдагы башчысы Залужный Зеленский менен чыры тууралуу айтып бердиӨкмөт башчы Касымалиев Оштун жаңы мэри Жанарбек Акаевди эмгек жамаатына тааныштырдыКулубаев санкцияларга байланыштуу Кыргызстан милдеттенмелерин так аткарып жатканын айтты