Украинанын Улуу Британиядагы элчиси Валерий Залужный 2022-жылы украин президенти Владимир Зеленский менен чырдашып жүргөн себебин айтты. Ал экөөнүн чырына Коопсуздук кызматы кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнү себеп болгонун Associated Press агенттигине билдирди.
Залужныйдын сөзүнө караганда, тинтүүлөр 2022-жылы сентябрда, Украинанын аскерлери түндүк-чыгышта контрчабуулга өткөн мезгилде болгон. Зеленскийдин штабындагы чыңалган маанайдагы жыйындан кийин ал өзүнүн иш бөлмөсүнө кайтып баргандан бир нече саат соң Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кирип барышкан. Ошол учурда бөлмөдө ондон ашуун британ офицери болгонун кошумчалаган Залужныйдын айтымында, коопсуздук кызматкерлери "эмне издеп жатышканын айткан эмес".
Мурдагы башкы командачы "президенттин стратегиясына көп учурда каршы чыкканын" түшүндүрдү. Президент менен пикир келишпестиктер "өлкөнү кантип коргоо керек" деген маселе боюнча уланган. Көпчүлүк талаштар украин армиясынын 2023-жылдагы контрчабуулуна да байланыштуу болгон. Залужный ал контрчабуул күчтөрдүн фронттун кеңири линиясына чачыранды жайгаштырылганынан улам жеңилип калганын айтты. Анын айтуусунда, президент жана башка аткаминерлер армияны жетиштүү деңгээлде каржылаган эмес.
Залужный баштапкы план Запорожье облусун орусиялык аскерлерден бошотуп, андан кийин Азов деңизине чыгуу болгонун белгиледи. Бирок украин армиясынын күчтөрү кеңири аймакка чачырап кеткен жана ресурстары жетишсиз болгон.
2024-жылы февралдын башында Зеленский Залужныйга Украинанын Баатыры наамын берип, кызматынан алган. Кийинчерээк ал Украинанын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалган. Айрым саясат талдоочулар муну Зеленский саясий атаандашынын мүмкүнчүлүктөрүн чектөө катары сыпатташкан.
Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, ошого карабастан бир катар консультанттар, партиянын өкүлдөрү жана саясий инсайдерлер Залужныйга шайлоо өнөктүгүнө жардам берүү сунуштары менен кайрылып жатышат. Тактап айтканда, Залужныйга жакын атын атагысы келбеген кызматкердин айтымында, 2025-жылдын жазында генералга Дональд Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүн жетектеген жана 2018-жылы Украинанын мурдагы орусиячыл президенти Виктор Януковичке жашыруун лобби жасагандыгы үчүн соттолгон "белгилүү" америкалык саясий консультант Пол Манафорт кайрылган.
Шерине