Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-февралда өзү жазган арызынын негизинде Нурланбек Тургунбек уулунун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, аны мандатынан ажыратты.
Тургунбек уулу 19-февралда Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, ден соолугуна байланыштуу мандатын тапшырып жатканын жана быйыл президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөргөн 75 адамга байланышы жок экенин айткан.
Нурланбек Тургунбек уулу 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келип, 2022-жылы 5-декабрда да Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2025-жылы парламенттик шайлоодо №15 округдан депутат болуп келип, кайрадан спикер болгон.
12-февралда ал спикерлик кызматтан кетип, муну Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал менен байланыштырып, чечимди өз эрки менен кабыл алганын айткан.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.
Бул кайрылууга байланыштуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.
Президент Садыр Жапаров бул кайрылуунун арты менен айрым депутаттык топтор депутаттарды бөлүп-жарып баштаганын, ушундан улам Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алганын айткан.
Нурланбек Тургунбек уулу УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары белгилүү. (BTo)