Депутат Болот Ибрагимов вице-спикер болуп шайланды

Болот Ибрагимов.

Депутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Парламенттин 19-февралдагы отурумунда анын талапкерлигине жашыруун добуш берүүдө 53 депутат “макул” жана 16 депутат “каршы” добуш берди.

Мунун алдында Карим Ханжеза жеке жагдайларына байланыштуу өз каалоосу менен вице-спикерлик кызматтан кеткен.

36 жаштагы Болот Ибрагимов Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Коомчулукка жол эрежесин бузгандардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген блогер катары таанылган. 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси болгон. 2024-жылы “Эл үмүтү” партиясынын тизмеси менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2025-жылы ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо №22 округдан шайланып келген.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу парламент төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланган. Тургунбек уулу 19-февралда депутаттык мандатынан да ажыратылды.

Спикердин үч орун басары бар. Алар: Чыңгыз Ажибаев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Болот Ибрагимов. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский: Украина, АКШ жана Орусиянын кийинки сүйлөшүүсү Швейцарияда өтөтЭлвира Сурабалдиева ЖКда тармактык комитеттин төрайымы болдуКытай Казакстандагы үч электр станциясынын курулушуна 2,2 млрд доллар салатБШК Нурланбек Тургунбек уулунун депутаттык мандатын алдыОрусия, Кытай жана Иран биргелешкен аскердик-деңиз машыгууларына камдануудаАк үй "Тынчтык кеңешинин" жыйынына 20дан ашык өлкөнүн лидерлери катышарын билдирдиБишкекте мугалим менен окуучунун мушташын милиция иликтеп жататБалдарга, аялдарга каршы оор кылмыш жасагандарды өмүр бою абакка кесүү сунушталдыЖогорку Кеңешке Акаевдин ордуна Сарыбашов депутат болуп келдиУКМК козгогон иштерин атайын комиссия иликтей албай турганын билдирди